Америка Кошмо Штаттары “Чоң жетиликтин” Орусиянын Украинага аскердик операция жасаган жылдыгына карата билдирүүсүндө “агрессор” деген терминди колдонууга каршы экенин Financial Times өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.
Meduza агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын G7деги өкүлдөрү “Орусиянын агрессиясы” деген сөз айкашына жана G7 жаңжалды сүрөттөө үчүн өзүнүн коммюникелеринде ырааттуу түрдө колдонгон ушуга окшогон формулировкаларга каршы чыгышкан. Ошентип, баскынчылыктын эки жылдыгына карата билдирүүдө мындай формулировкалар 5 жолу колдонулган.
Башка өлкөлөр дагы эле АКШ менен текстти макулдашат деп үмүттөнүшөт, дешет FT булактары. Алар белгилегендей, Ак үйдүн тилди жумшартуу талабы азыр согушту «Украина чатагы» деп атаган Вашингтон саясатынын жалпы өзгөрүшүн чагылдырат.
Рейтер агенттиги мурда кабарлагандай, АКШда баскынчылыктын жылдыгына карата БУУнун резолюциясын колдоодон баш тартып жатат. Резолюция долбоору Орусиянын агрессиясын айыптап, Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдоорун билдирет. Мурунку жылдарда Кошмо Штаттар ар дайым мындай документтердин авторлорунда болуп келген.
G7ге Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Япония жана АКШ кирет. G7 эл аралык уюм эмес жана анын чечимдери милдеттүү болуп саналбайт. Кеп тараптардын макулдашылган линияны кармануу ниеттери жөнүндө же эл аралык турмуштун башка катышуучуларына белгилуу көйгөйлөрдү чечуудө белгилуу мамилелерди колдонуу боюнча сунуштар жөнүндө болуп жатат.
Трамп Зеленский боюнча: “Шайлоосуз диктатор”
Ошол эле маалда акыркы күндөрү АКШ президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленскийге карата сындын деңгээлин көбөйтүп, аны рейтинги төмөн, шайлоо болбогону жана Орусиянын Украинага каршы согушун токтото албай жатат деп бир нече жолу айыптады.
Truth Social веб-сайтындагы постунда Трамп “жөнөкөй ийгиликтүү куудул” Зеленский АКШны жеңишке болбой турган жана эч качан болбошу керек болгон согушка 350 миллиард доллар сарптоого көндүргөнүн жазган.
Трамп АКШ Европага караганда 200 миллиард доллар көп коротту жана Европанын акчасы “кепилденди” деп ырастады, ал эми АКШ анын ордуна эч нерсе албайт. Ал эми Зеленский “биз ага жөнөткөн акчанын жарымы жок болуп кетти”,- деп мойнуна алды, – дейт Трамп.
АКШ президенти украин лидерин “шайлоодон баш тартты” деп айыптады. Ал дагы бир жолу Украинадагы сурамжылоолордо Зеленскийдин рейтинги өтө төмөн экенин жана анын “бир гана жакшы нерсеси” Байденди скрипкада ойногону” деп ырастады.
“Шайлоосуз диктатор, Зеленский тез аракет кылышы керек, антпесе анын өлкөсү жоголот. Ошол эле учурда биз Орусия менен согушту токтотуу боюнча ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анткени муну Трамп менен Трамптын администрациясы гана жасай аларын баары түшүнөт. Байден эч качан аракет кылган эмес, Европа тынчтыкка жетише алган жок жана Зеленский “каражаттардын агып турушун”,- каалайт деп жазды Трамп.
Трамп Украинанын мыйзамдары аскердик абал учурунда шайлоо өткөрүүгө тыюу салганын билбесе керек.
Зеленский “эгер кимдир бирөө мени азыр алмаштыргысы келсе, азыр иштебейт”,– деп жооп берди. Анын пикиринде, Трамп орусиялык дезинформациянын курмандыгы болду. Зеленский АКШны Орусия менен Украинасыз сүйлөшүүлөрдү баштаганы жана Москваны изоляциялоо саясатын жумшартканы үчүн сындады.
Bloomberg жазгандай, Трамптын Зеленскийге жасаган чабуулдары Москванын “бардык күткөнүнөн да ашып түштү”. Кремль АКШ президенти Дональд Трамптын Украинанын президенти Владимир Зеленскийге карата жасаган билдирүүлөрүндө мынчалык катаал мамилени күткөн эмес, деп билдирди Bloomberg агенттигине кырдаалдан кабардар булак.
Орус аткаминерлери, булак белгилегендей, Трамптын сүйлөшүү стратегиясын толук түшүнүшпөйт жана ошондой эле бул процессте мүмкүн болуучу тузактардан жана күтүлбөгөн бурулуштардан этият болушат. Бирок, алар бул кырдаалды согушту токтотуу үчүн кандайдыр бир келишимден Орусия үчүн максималдуу пайда алуу үчүн колдонушу керек, деп эсептейт Bloomberg булагы.

















