АКШнын Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ) мурдагы башчысы Жеймс Коми президент Дональд Трампты өлтүрүп коёрун айтып коркуткан. Бул аракет анын китебин жайылтуу максатын да көздөгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу Комиге каршы иш боюнча АКШнын Юстиция министрлигинин соттук документинде айтылат.
Китебинин жарыкка чыгышына бир нече күн калганда Коми социалдык тармактарга «8647» түрүндө тизилген деңиз кабырчыктарынын сүрөтүн жарыялаган. Жергиликтүү сленгде 86 саны «кимдир бирөөнү жок кылуу» деген маанини билдирсе, 47 — Трамптын президент катары катар номери экендиги айтылат. АКШнын Юстиция министрлиги ушул жылдын апрель айында Комиге бул жарыя боюнча айып тагып, аны республикачы саясатчыга карата жашыруун коркутуу катары баалаган.
Мекеменин маалыматына ылайык, Коминин билдирүүсү Трамп көп сандаган коркутууларды алып жаткан мезгилде жарыяланган.
Соттук документте Коминин адабий агенти менен болгон кийинки кат алышуусунан үзүндүлөр да келтирилген. Анын агенти: «Мунун жакшы жагы да бар: сен белгилүү адамга айландың», — деп жазган.
Буга мурдагы ФИБ директору: «Муну пландаган эмесмин, бирок бул китептин сатылышына жардам берсе, мага каршы эмес», — деп жооп берген.
Жаңы өтүнүч 18-августта Коминин адвокаттарынын иштин саясий мүнөздө экенин белгилеген каршы пикирлерине жооп катары берилген. Коми өзүн күнөөлүү деп эсептебейт. Коргоо тарабы дүкөндөрдө «8647» сандары жазылган миңдеген товарлар сатыларын белгиледи.
Ал эми Юстиция министрлиги ФИБдин мурдагы башчысынын аракеттерин жалпы жагдайдын алкагында кароо керектигин билдирүүдө. Прокуратуранын пикиринде, бул жагдайлар атайылап жасалган коркутууга ишарат кылат.

















