FATFтын пленардык жыйынынан кийинки билдирүүгө ылайык, FATF (Кылмыштуу жол менен табылган акчанын изин жашырууга каршы күрөш чараларын иштеп чыгуу тобу) Орусияны мыйзам бузуучулардын кара тизмесине дагы бир жолу киргизген жок.
Белгиленгендей, уюмдун эрежелерин бузган өлкөлөрдүн тизмеси өзгөрүүсүз калган жана ага үч гана мамлекет кирген.
Орусияны кара тизмеге киргизүү өтүнүчү Украинадан келген. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, бул демилге уюмдун башка мүчөлөрү, анын ичинде Кытай, Индия, Сауд Аравия жана Түштүк Африка тарабынан жактырылган эмес.
2023-жылдын февраль айында FATF Москва БУУнун санкцияларына дуушар болгон өлкөлөр менен соода жүргүзгөн жана ошондой эле “зыяндуу кибер ишмердүүлүктүн” булагы болуп саналат деген жүйө менен FATF Орусиянын мүчөлүгүн убактылуу токтоткон. Бирок ошол эле жылдын июнь айында бул уюм Орусияны кара тизмеге киргизбөө чечимин чыгарган.



















