Европанын төрт ири өлкөсү – Франция, Италия, Чехия жана Венгрия АКШнын президенти Дональд Трамп сунуштаган Украина үчүн америкалык куралды сатып алуу долбоорунан баш тартты.
Вашингтондун демилгесин Франция колдогон жок. Politico агенттигинин маалыматына караганда, президент Эммануэль Макрон Европа өлкөлөрүн жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн эсебинен өздөрүнүн коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүгө чакырды.
Италия дагы каражаттын жоктугунан бул долбоорго катышпай турганын билдирди. “Stampa” гезитинин маалыматы боюнча Рим АКШдан Украина үчүн Patriot системаларын сатып ала турганын жарыялаган Германиянын жолун жолдобойт.
Ошондой эле бул демилгеден Чехия да баш тартты. Өкмөт башчысы Петр Фиала Прага башка долбоорлорго жана жардам көрсөтүүнүн башка жолдоруна көңүл бурарын айтты, мисалы, ок-дарыларды жөнөтүү боюнча демилге аркылуу жардам бермекчи.
Демилгеге каршы чыккан дагы бир өлкө — Венгрия. Тышкы иштер министри Петер Сийярто белгилегендей, Будапешт мындай курал жеткирүүлөрдү каржылабайт.
Трамптын планы
14-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп Москвага 50 күндүк ультиматум коюп, Киев менен тынчтык келишимин түзүүнү талап кылды. Эгер бул талап аткарылбаса, ал Россиядан келген товарларга 100% тариф киргизерин жана мунай, газ жана башка энергетикалык ресурстарды сатып алган өлкөлөргө кошумча пошлина киргизерин айтты.
Ошону менен катар Трамп АКШ менен Европа Украинага америкалык куралдарды жөнөтүү боюнча макулдашканын билдирген. Чыгымдардын баары Европанын мойнуна жүктөлөт. Келечектеги жеткирүүлөр бир гана ракеталарды эле эмес, Patriot батареяларын да камтыйт.
Россиянын позициясы
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Трамптын планы — бул жөн гана бизнес.
“Кремль Батыштын Украинага курал жеткирүү боюнча бардык билдирүүлөрүн тыкыр көзөмөлдөп жатат жана бул тема күн тартибинде жогору турат”, – деди Песков.
Ал Европа курал сатып алууга чоң каражат коротууга даяр экенин айтып жатат, бирок бул үчүн ким төлөшү керектиги боюнча ортодо пикир келишпестиктер бар. Мисал катары ал Франциянын, Чехиянын жана Италиянын позициясын келтирди.

















