Газ куурунда пландуу-профилактикалык иштер 15-сентябрдан 22-сентябрга чейин жүргүзүлдү.
«Газпром» холдинги билдиргендей, «Сибирдин күчү» газ куурунда пландуу-профилактикалык иштер аяктагандан кийин газ жеткирүү кайра жанданды.
«“Сибирдин күчү” газ куурунда келишимде каралган пландуу-профилактикалык иштер ийгиликтүү аяктады. Алар 15-сентябрдан 22-сентябрга чейин жүргүзүлдү. Иш-чаралар толугу менен аткарылды. Газды ташуу бүгүн кайра жанданды», — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.
Компаниянын маалыматына караганда, «Газпром» менен Кытайдын CNPC компаниясынын ортосунда түзүлгөн газды сатып алуу-сатуу келишимине ылайык, «Сибирдин күчү» газ куурунун жабдууларына жана системаларына профилактикалык иштер жылына эки жолу — жазында жана күзүндө жүргүзүлөт.
2025-жылы «Газпром» Кытайга газ экспорттоочу эң ири компания болгон. «Сибирдин күчү» газ кууру аркылуу 38,8 млрд куб метр газ жеткирилген. Бул баштапкы келишимдик милдеттенмелерден 800 млн куб метрге көп.
«Сибирдин күчү» — Орусиянын чыгышындагы газды ташуунун эң ири системасы. Газ куурунун экспорттук өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 38 млрд куб метр газды түзөт.
Орусиянын Кытайга чыгыш багыты боюнча газды түтүк аркылуу жеткирүү биринчи жолу 2019-жылдын декабрында башталган. Бул үчүн «Газпром» менен Кытайдын CNPC компаниясынын ортосунда 2014-жылы 30 жылдык мөөнөткө келишим түзүлгөн.
Келишимдин бүткүл мөөнөтүндө жеткирилүүчү газдын жалпы көлөмү 1 триллион куб метрден ашат, ал эми келишимдин суммасы 400 млрд долларды түзөт.


















