АКШнын президенти Дональд Трамптын соода согушу акылсыздык.
Бул тууралуу Франциянын каржы министри Эрик Ломбард Трамптын Евробиримдиктен (ЕБ) алкоголдук ичимдиктерди импорттоого 200 пайыздык алымдарды киргизүү тууралуу коркутууларынан кийин билдирди, деп жазат Newsweek басылмасы.
“Бул акылсыз согуш, бирок биз сүйлөшүүнү кааласак, биз бирдей шарттарда болушубуз керек, ошондуктан биз дагы тарифтерди көтөрөбүз”, – деп белгиледи саясатчы.
13-мартта АКШ президенти Европадан ташылган алкоголдук ичимдиктерге 200 пайыздык алым киргизебиз деп коркуткан. Бул Евробиримдиктин америкалык вискиге 50 пайыздык импорттук алым тууралуу жарыясына жооп болду.
10-февралда Трамп АКШга ЕБден бардык болот жана алюминийге 25 пайыздык алым киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Чечим 12-марттан тарта күчүнө кирген.
Еврокомиссия дароо эле АКШнын Евробиримдиктен болот жана алюминий импортуна “жаңы негизсиз тарифтерине” жооп катары 26 миллиард евролук АКШ импортуна “тез жана пропорционалдуу” каршы чараларды киргизгенин жарыялаган.
АКШнын Соода министри Говард Лутник Европанын Трамптын металл тарифтерине жасаган жообун “сыйлабастык” деп мүнөздөгөн.















