Еврокомиссиянын башчысы социалдык медиада АКШда жарыяланган жаңы тарифтер дүйнө жүзү боюнча бизнес жана керектөөчүлөр үчүн сокку экенин жазды.
Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен АКШнын президенти Дональд Трамп киргизген тарифтерге “Европа жооп берүүгө даяр” деди. Кытай өз кезегинде “катуу каршы чараларды көрүүгө” убада берди, деп жазат Current Time.
2-апрелде Трамп АКШга импорттолуучу товарларга кеңири тарифтерди киргизип жатканын жарыялаган. Кытайга – 34%, Евробиримдикке – 20%, Японияга – 24%, Индияга – 26% бажы төлөмү коюлат.
АКШ президенти жарыялаган тарифтер “олуттуу сокку” болуп саналат, ага “Европа жооп берүүгө даяр” деди фон дер Ляйен
“АКШ жарыялаган универсалдуу тарифтер дүйнө жүзү боюнча бизнес жана керектөөчүлөр үчүн олуттуу сокку болуп саналат. Европа жооп берүүгө даяр. Биз ар дайым кызыкчылыктарыбызды жана баалуулуктарыбызды коргойбуз. Биз кызматташууга да даярбыз жана тирешүүдөн сүйлөшүүлөргө өтүүгө”, – деп жазган X социалдык тармагына. Фон дер Ляйен журналисттерге ал Трамптын көз карашын бөлүшөт деп жазган: “Кээ бирлери глобалдык системадан адилетсиз пайда көрүп жатат”. Бирок, анын пикиринде, киргизилген жаңы тарифтер системаны “оңдоого” жардам бербейт.
Анын айтымында, Евробиримдик болот менен алюминийге киргизилген тарифтерге байланыштуу АКШга жооп кайтаруу чаралары боюнча ишин аяктап жатат жана “сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, өз кызыкчылыктарын жана бизнесин коргоо” үчүн мындан аркы каршы чараларды көрүүгө даярданып жатат.
Кытай да АКШнын бажы тарифтерине жооп катары “катуу чараларды” көрүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу Кытайдын Соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Кытай буга чечкиндүү түрдө каршы турат жана биз өз укуктарыбыз менен кызыкчылыктарыбызды коргоо үчүн чечкиндүү түрдө каршы чараларды көрөбүз”, – деп билдирди ведомство.
Кытайдын Соода министрлиги АКШ тарабынан киргизилген тарифтер “субъективдүү жана бир тараптуу баа берүүлөрдүн негизинде” эл аралык соода эрежелерине туура келбейт, тиешелүү тараптардын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтирет жана “бир тараптуу бейбаштыктын типтүү практикасы”,- деп билдирди.
Кытай АКШны тарифтик чараларды “дароо алып салууга” жана “соода өнөктөштөрү менен пикир келишпестиктерди бирдей диалог аркылуу туура чечүүгө” чакырды.


















