Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Еврокомиссиянын вице-президенти Кая Каллас бүгүн, 27-мартта Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Казакстандын катышуусунда өтүүчү Евробиримдик-Борбор Азия министрлеринин 20-жыйынына төрагалык кылат.
Бул иш чарадан кийин ал Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугуу үчүн Ташкентке барат.
Бул тууралуу Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында 3-4-апрелде Самаркандда өтө турган Евробиримдик-Борбор Азия биринчи саммитине даярдык талкууланат.
Мындан тышкары күн тартибинде Орусиянын Украинага каршы согушунун аймактык кесепеттери, транспорт жана санариптик байланыш, маанилүү кен байлыктары, энергетика жана суу ресурстары, соода, элдердин ортосундагы байланыш, билим берүү жана изилдөө маселелери боюнча талкуулар бар экендиги айтылат билдирүүдө.
Кая Каллас министрлердин жолугушуусуна чейин Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин, ошондой эле Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Андан соң европалык дипломатиянын башчысы Ташкентке барып, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушат.
Кая Каллас иш сапарынын алкагынын жүрүшүндо Алматыга 28-мартта барып, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөру күтүлүүдө.


















