Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Евробиримдик Грузиянын интеграция процессин токтотту

  • Башкы жаңылыктар, Европа, Саясат
  • 09.07.2024 14:30

Loading

Грузиянын Евробиримдикке кошулуу процесси токтотулганын ЕБдин Тбилисидеги элчиси Павел Герчинский билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.

«Азыркы Грузия бийлигинин ниети Евробиримдиктин лидерлери үчүн түшүнүксүз. Тышкы таасирдин ачыктыгы тууралуу мыйзам артка кеткен кадам экени анык. Ошондой эле антибатыштык, антиевропалык риторика Европа Биримдигине кирүү боюнча жарыяланган максатка таптакыр туура келбейт. Тилекке каршы, учурда Грузиянын Евробиримдикке кошулуусу убактылуу токтотулду», – деди ал.

Ошол эле учурда Евробиримдиктин өкүлү мындай окуяларды өкүнүчтүү деп атады.

Тема боюнча

Кобахидзе: Иранга каршы санкция киргизүү — абсурд

Кобахидзе: Иранга каршы санкция киргизүү — абсурд

17.09.2026

Герчинский кошумчалагандай, ал октябрь айындагы парламенттик шайлоодон кийин Грузиянын жаңы өкмөтү, кандай гана болбосун, Евробиримдикке интеграциялоо багытында кайрадан «олуттуу ишти» баштайт деп үмүттөнөт.

Закавказье республикасында парламенттик шайлоо 26-октябрда өтөт.

Эске салсак, Грузияда чет элдик агенттер боюнча чуулгандуу мыйзам июнь айында кабыл алынып, күчүнө кирген.

Мыйзам тууралуу 

Грузияда “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алуу маселеси биринчи жолу 2023-жылдын башында көтөрүлгөн. Февраль айында парламентте катталып, мартта биринчи окууда кабыл алынган. Андан улам өлкөнүн борбору Тбилисиде массалык митингдер башталып, кийинчерээк бийлик документти кайра чакыртып алган.

Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы быйыл 3-апрелде “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра сунуштаган. Текстте “Чет өлкөлүк таасирдеги агент” дегендин ордуна “чет өлкөлүк күчтүн кызыкчылыгын көздөгөн уюм” деген термин колдонулат. Мыйзам долбоорунун калган бөлүктөрү өзгөрүүсүз калган.

Демилге, кирешеси, атап айтканда каржылоосунун 20%дан көбү сырт жактан келүүчү коммерциялык эмес юридикалык жактарды жана ЖМКларды каттоону карайт. Мындан тышкары, “чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын” көздөгөн бардык уюмдар мамлекеттик реестрден катталууга тийиш.

Нааразычылыктарды тутандырган талаштуу мыйзам долбоорун Грузин парламенти 14-майда үчүнчү жана акыркы окууда жактырган. Ага 84 депутат “макул”, 30 депутат “каршы” добуш берген.

Өлкөнүн президенти Саломе Зурабишвили жана оппозиция долбоорго каршы чыгып, аны республиканын Евробиримдикке интеграциялоосуна тоскоолдук катары баалашкан.

Мыйзам долбооруна Зурабишвили кол коюудан баш тартып, ага вето койгон. Евробиримдик өлкөлөрү жана АКШ грузин бийлигин мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган.

Бирок эреже боюнча, өлкө башчы кол койбосо, спикер бул милдетти аткара алгандыктан, 3-июнда Грузия парламентинин спикери Шалва Папуашвили мыйзамга кол коюп, документ күчүнө кирген.

Мындан кийин АКШ грузин парламентинин айрым депутаттарына жана мыйзамдын кабыл алынышына тиешеси бар аткаминерлерге визалык чектөө киргизген. 24-июнда европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррел Евробиримдик өлкөлөрү Грузия менен саясий байланыштарды кыскартууну жана өлкөнүн өкмөтүнө көрсөтүлгөн каржылык колдоону карап көрөрүн билдирген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: "Чет элдик агент" мыйзамыГрузияЕвропа БиримдигиинтеграцияПавел Герчинскийтоктотуу
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Путин: ЕБ Орусиянын өнүгүшүн чектөө үчүн Украинаны «замбиректин жемине» айлантып жатат

Путин: ЕБ Орусиянын өнүгүшүн чектөө үчүн Украинаны «замбиректин жемине» айлантып жатат

26.09.2026
Кобахидзе: Иранга каршы санкция киргизүү — абсурд

Кобахидзе: Иранга каршы санкция киргизүү — абсурд

17.09.2026
Грузия Борбордук Азия өлкөлөрүнөн туристтердин агымын көбөйттү

Грузия Борбордук Азия өлкөлөрүнөн туристтердин агымын көбөйттү

20.07.2026
С. Жапаров менен Грузиянын Премьер-министри И. Кобахидзенин расмий жолугушуусу болду

С. Жапаров менен Грузиянын Премьер-министри И. Кобахидзенин расмий жолугушуусу болду

12.06.2026
Кыргызстан Европа Биримдигинин санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирди

Кыргызстан Европа Биримдигинин санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирди

12.02.2026
Макрон Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдү Россия менен диалогго кайтууга чакырды

Макрон Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдү Россия менен диалогго кайтууга чакырды

11.02.2026
Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келди

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Кыргызстанга келди

06.02.2026
Жаңы стратегиянын эки тарабы. Ирандын АКШ менен Европага кош сигналы

Жаңы стратегиянын эки тарабы. Ирандын АКШ менен Европага кош сигналы

02.02.2026
Иран Европа Биримдигинин куралдуу күчтөрүн террордук уюмдар деп тааныды

Иран Европа Биримдигинин куралдуу күчтөрүн террордук уюмдар деп тааныды

02.02.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
213 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.