Eurasiatoday
Шаршемби, 25-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кыргызстан Европа Биримдигинин санкциялык саясатына тынчсыздануусун билдирди

  • Европа, Кыргызстан
  • 12.02.2026 10:41

Loading

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Европа Бирлигинин санкциялык саясатына байланыштуу кыргыз тараптын олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Анын айтымында, бир тараптуу чектөөчү чаралар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, ошондой эле аймактагы мамлекеттердин европалык өнөктөштөр менен соода, каржы жана инвестициялык кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бул тууралуу Жээнбек Кулубаев 11-февраль күнү Берлин шаарында “Борбордук Азия – Германия” форматынын министрлер деңгээлиндеги жолугушууда билдирди.

Тема боюнча

Германия Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады

Германия Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады

24.10.2026

Ал Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактай турганын, санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү мүмкүнчүлүгүнө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу максатында Европа Бирлигиндеги өнөктөштөрү менен ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүп жатканын айтты.

Ушул өңүттөн алганда, ал Кыргызстанды Европа Бирлиги жана ага мүчө мамлекеттер менен тең укуктуу, өз ара урматтоого жана ишенимге негизделген өнөктөштүккө даяр экенин билдирип, мындай мамиле бир тараптуу санкциялык басымга караганда өз ара пайдалуу максаттарга жетүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирди.

Иш-чарага ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Германиянын тышкы саясат ведомстволорунун башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда “Борбордук Азия – Германия” форматындагы диалогду мындан ары бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Акыркы отуз жыл ичинде Борбордук Азия мамлекеттери менен Германиянын ортосундагы мамилелердин оң нукта өнүгүп келе жатканы белгиленип, жалпы баалуулуктарга жана өз ара кызыкчылыктарга негизделген борбордук азиялык-германдык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоо, ошондой эле жогорку деңгээлдеги диалогду улантуу ниети ырасталды.

Мындан тышкары, министрлер Борбордук Азия өлкөлөрү менен Европа Бирлигинин ортосундагы мамилелердин жандануусун канааттануу менен белгилешти.

Өз сөзүндө министр Жээнбек Кулубаев Борбордук Азия өлкөлөрү коңшулук мамилелер, диалог жана өз ара урматтоо принциптерине таянып, аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу багытында олуттуу ийгиликтерге жетишкенин баса белгиледи. Бул, өз кезегинде, сооданы кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана ири биргелешкен аймактык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ушуга байланыштуу “Борбордук Азия – Германия” диалогдук форматы маанилүү жана суроо-талапка ээ болгон аянтчага айланып жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал “жашыл” экономика, санариптештирүү, транспорт, энергетика, билим берүү жана туризм сыяктуу тармактарда практикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуулугуна көңүл бурду.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ГерманияЕвропа БиримдигиКыргызстансанкция
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

Ирандын ТИМи: Тегеран АКШнын деңиз блокадасына жана санкцияларына каршы чараларды карап жатат

23.11.2026
Германия Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады

Германия Иран менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады

24.10.2026
Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
218 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.