Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны үстүбүздөгү жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Бул тууралуу 31-январда Алматыда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында ЕЭК коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев билдиргенин республиканын өкмөтүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө “Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө” буйрук мүчөлөр, катышуучулар жана байкоочулар тарабынан бекитилип, кол коюлду. Ага ылайык Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки жыйыны Чолпон-Атада өтөрү белгиленди.
Белгилей кетсек, 30-31-январда Казакстандын Алматы шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага удаа эле жыл сайын өтүүчү Digital Almaty-2025 санариптик форуму болду.
Бул иш-чараларга ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары катышты.
Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.



















