Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Евгений Пригожин түшкөн учак кыйрады (видео)

  • Россия
  • 24.08.2023 06:40

Loading

Тверь облусунда учак кыйрап, 10 киши каза тапты. Жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Пригожин да болгон.

Орусиянын Тверь облусундагы Бологовский районунда “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин бараткан делген Embraer Legacy учагы кыйрады. Бул тууралуу РБК басылмасы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) шилтеме кылып кабарлады.

ӨКМдин маалыматында борттогу он адамдын бирөө да тирүү калбаганы жазылган. ТАСС агенттиги Росавиацияга шилтеме кылып, жүргүнчүлөрдүн арасында Пригожин да болгонун кабарлады.

Тема боюнча

Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

14.11.2026

Бир катар Телеграм-каналдардын жазышынча, бортто “Вагнердин” командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгон.

ӨКМ кырсыкта каза тапкан сегиз жүргүнчүнүн жана экипаждын үч мүчөсүнүн аты-жөнүн жарыялады. Тизмеде Пригожин менен Уткинден башка Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев жана экипаждын үч мүчөсү болгон. Валерий Чекалов Пригожинге таандык түзүмдөрдүн биринин жетекчиси. Бир катар басылмалар ал “Ровер” деген каймана ат менен таанымал болгонун жазууда.

“База” телеграм-каналы кырсык болгон жерде 10 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Алар катуу күйүп калгандыктан таанылган эмес.

Учак калктуу конушка кулаган. Жеринен жарыяланган сүрөттөрдө борттун капталындагы RA-02795 деген жазууну көрүүгө болот. Бул “Вагнердин” башчысына таандык бизнес-жеттин номери. Пригожин бул учак менен “Вагнердин” козголоңунан кийин Беларуска учуп барган.

Учактын кулап түшүүсүнүн себептери тууралуу азырынча расмий комментарий берилген жок. Телеграм-каналдарда жана ЖМКда “бортто жарылуу болгон, учакты абадан коргоо күчтөрү атып түшүргөн” деген ар кандай божомолдор айтылууда.

Ал арада иликтөө башталганы, “Аба транспортунун коопсуздук жана эксплуатация эрежелеринин бузулушу” деген берене менен иш козголгону кабарланды.

Пригожинге караштуу түзүмдөр да окуя боюнча комментарий бере элек. “Вагнерге” байланыштуу Grey Zone каналы учакты “абадан коргонуу күчтөрү” атып түшүргөнүн билдирди.

Flightradar сайтынын маалыматында Москвадан чыккан учак Тверь облусуна келгенде радардан дароо жоголуп кеткен. Бул учак бийикте баратканда болгон. Учкучтар кырсыкка кабылганы тууралуу маалымат берген-бербегени белгисиз.

Кырсык болгон маалда абада Пригожинге караштуу дагы бир учак – борттук номери RA-02795 бизнес-жети болгон. Ал Москвага Санкт-Петербургдан бара жатып, Подмосковьедеги бизнес-авиацияга караштуу Остафьево аэропортуна конгон. Бул учакта кимдер болгону айтыла элек. Айрым Телеграм-каналдар Пригожин кыйраган учакка түшпөй, экинчи учакка отурушу мүмкүн экенин жазышты. Азырынча бул маалымат ырастала элек.

Июнь айында Пригожин жетектеген “Вагнердин” жоочулары Москвага куралдуу жүрүш уюштуруп, орус бийлиги муну козголоң катары сыпаттаган. Жалданма жоочулар орусиялык армияга таандык бир нече тик учакты жана согуштук учакты атып түшүргөн.

Кийин Пригожинге каршы козголгон кылмыш иши жабылып, сүйлөшүүлөрдөн соң “вагнерчилер” Беларуска кеткен.

21-августта Пригожин интервью берип, Африкада жүргөнүн жана “Вагнерге” жаңы жоочуларды тартуу иши жүрүп жатканын билдирген.

Евгений Пригожин – мурда абакта жатып чыккан, Петербургдагы ресторан бизнесин Кремлдин кирешелүү келишимдерине чейин жеткирген Путиндин жакын адамдарынын бири. Мындан улам ал “Путиндин ашпозчусу” деген атка конгон. “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Дмитрий Уткин экөө негиздеген. Сирияда “Вагнердин” жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка толгон аскердик кылмыштары менен таанылган. Орусия Украинага кол салгандан бери Пригожиндин ысымы медиадан түшпөй, негизги фигурага айланган.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ПригожинРоссиясамолёт
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

Чексиз космос: Россия башка өлкөлөрдү жаңы орбиталык станцияны түзүүгө катышууга чакырды

14.11.2026
Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

Генерал-майор Резаи: Байытылган ядролук материалдар Ирандан чыгарылбайт

13.11.2026
Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

Орусиялык эксперт: Каспий деңизине чектеш мамлекеттер АКШнын бул аймактын иштерине кийлигишүүсүнө жол бербеши керек

13.11.2026
Ирандын элчиси Пезешкиандын Орусияга боло турган сапарынын программасы тууралуу кеңири айтып берди

Ирандын элчиси Пезешкиандын Орусияга боло турган сапарынын программасы тууралуу кеңири айтып берди

26.10.2026
ЖККУнун башкы катчысы Ирандын элчиси менен жолугушту: тараптар эмнелерди талкуулашты?

ЖККУнун башкы катчысы Ирандын элчиси менен жолугушту: тараптар эмнелерди талкуулашты?

23.10.2026
Россиянын 53 аймагында бензиндин баасы төмөндөдү

Россиянын 53 аймагында бензиндин баасы төмөндөдү

22.10.2026
Орусия Москвага ынак өлкөлөрдөн келген студенттерди кабыл алууну пландап жатат

Орусия Москвага ынак өлкөлөрдөн келген студенттерди кабыл алууну пландап жатат

20.10.2026
Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Россия менен Ооганстандын чалгын кызматтарынын жетекчилери Кабулда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

16.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.