Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкара Украинадагы кырдаал боюнча ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди.
“Биз аймактагы стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерди жумшоого чечкиндүүбүз… Украинадагы жаңжалга катышкан тараптардын сүйлөшүүлөрүн өлкөбүздө өткөрдүк. Биз кайрадан ортомчу функциясын алууга даярбыз”, – деди Эрдоган Сочиде Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында.
РФ президенти Путин Эрдоганга Украинадагы кризисти жөнгө салуу боюнча ортомчу болууга жасаган аракетине ыраазылык билдирди.
Эске салсак, Эрдоган марттын аягында Түркия жетекчилиги акыркы эки жылда тиешелүү аракеттерди көрбөгөндө Батыш Түркияны Россияга каршы согушка тартмак деп айткан. Ал Россия менен Украинанын ортосунда ортомчу ролду ойноп, бул маселеде ийгиликке жетишүүгө ниеттенип жатканын белгилеген.
Түрк лидери Сочиге кечээ, 4-сентябрда келген. Ал Путин менен кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Сүйлөшүүлөр бир жарым саатка созулуп, анда эң күтүлгөн темаларынын бири дан келишиминин келечеги болду.
Белгилей кетсек, Москва сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече жолу билдирген, бирок Киев аларга мыйзамдык деңгээлде тыюу салган. Зеленский буга чейин “Минск-3 сүйлөшүүлөрү болбойт” деп айткан. РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай сөздөр Киевдин сүйлөшүүлөрдү каалабаганы боюнча позициясын ырастайт” деген. Батыш Россия Федерациясын сүйлөшүүлөргө тынымсыз чакырып келет, Москва ага даярдыгын көрсөтөт, бирок ошол эле учурда Батыш Киевдин сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартканына көңүл бурбай келет.
Буга чейин Кремль Украинадагы кырдаалды тынчтык жолуна өткөрүү үчүн эч кандай өбөлгөлөр жок экенин, Россия үчүн абсолюттук приоритет атайын операциянын максаттарына жетүү экенин, учурда бул аскердик жол менен гана мүмкүн экенин билдирген. Кремль Россия Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылып жаткан бардык өлкөлөрдүн аракеттерин жогору баалай турганын, бирок азырынча бул мүмкүн эмес экенин кошумчалаган.

















