Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган М.Маматалиев белгилегендей, айлана-чөйрөнүн булганышын азайтуучу же жок кылуучу кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү пайдаланууда жеңилдиктерди берүүгө багытталган мыйзам долбоору коомдун жашыл жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында иштелип чыккан.
Алсак, сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык, электромобилдер жана башка транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун жашыл түстөгү номердик белгилерин пайдалануу үчүн Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тартипте жеңилдиктер каралган.
Мындай жеңилдиктер болуп төмөнкүлөрдү төлөөдө төмөндөтүлгөн ставка саналат: кыймылдуу мүлккө салыкты; транспорт каражатынын каптал айнектерин жана алдыңкы эшиктерин караңгылатууга уруксатты тариздөө үчүн; жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айып пулду; транспорт каражаттарын каттоо же кайра каттоо үчүн; транспорт каражаттарынын муниципалдык акы төлөнүүчү унаа токтотмолорунун кызмат көрсөтүүлөрү үчүн» жана башкалар.
Муну менен катар, мыйзам долбоорунда жашыл техникалык паспорту бар турак жай имараттары үчүн да жеңилдиктер каралган. Бул документ кыймылсыз мүлк бирдигин пайдаланууну оптималдаштырат жана төмөнкү максаттарга жетет: колдонулган энергиянын сапатын жогорулатуу; электр, суу менен камсыздоо жана канализация тармактарынын тутумдук жүгүн азайтуу; курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча максаттуу долбоорлорго экологиялык инвестицияларды стимулдаштыруу.
Талкуу маалында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоорун билдирип, экологиялык коопсуздукту камсыздоо чаралары артыкчылыктуу багыт экенин белгилешти.