Англиялык “Economist” гезити Түркия менен Борбор Азиянын жакындашуусу тууралуу кенен макала жарыялады. Анда Түркия аталган аймакта дагы деле таасирин сактап турган Орусияга каршы салмакка айланып баратканын белгилейт.
Басылма быйыл сентябрь айында 89 өлкөнүн катышуусу менен Астанада өткөн Көчмөндөр оюндарын түрк долбоору деп атаган.
Түрк дүйнөсү – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан экенин белгилеп, түрк тилдүү элдер жашаган Орусия менен Кытайды да камтый турганы айтылат.
Түрк дүйнөсүнүн биримдигинин күчөшү – түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн биримдиктеринен көрсө болот. Бул нерсе билим берүүдөн тарта тышкы саясатка чейинки түрдүү тармактарда кызматташуунун куралы болуп жатканын белгилейт.
Британ басылмасы белгилегендей, бул биригүү – айрыкча Орусия үстөмдүк кылган аймактагы башка уюмдарды тең салмактуулукту сактоого түртөт.
Түрк мамлекеттери уюмунун негизги күчү – бул, Түркия болуп саналат. Анкаранын бул өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 2015-жылдан бери эки эсеге өсүп, өткөн жылы 12,6 миллиард долларга жеткен.
“Көчмөндөр оюндарында түрк курамасы жылуу кабыл алынып, Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдогандын сөзү дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолду”,-деп айтылат макалада.
Мындан сырткары, басылма Батышта түрк лидери Режеп Тайып Эрдоганды сынга алышса, Борбор Азияда ага «суктанышарын» белгилейт.


















