Ирландия, Испания, Словения жана Мальта 21-майда Палестинаны мамлекет катары расмий таанууну караштырууда. Бул тууралуу ирландиялык RTE телерадио компаниясы бейшемби күнү булактарга таянуу менен билдирди.
Март айында Испания, Ирландия, Мальта жана Словения Палестина мамлекетин таануу үчүн биргелешип иштей турганын жарыялашкан. Испания менен Ирландия көптөн бери Палестинанын укуктарын жактап келишет.
Май айынын башында Ирландиянын премьер-министри Саймон Харрис испан кесиптеши Педро Санчес менен сүйлөшкөнүн жана экөөнүн тең бул маселе боюнча “так планы” бар экенин айткан.
“Ирландия, Испания жана Евробиримдиктин бир катар башка өлкөлөрү Палестина мамлекетин биргелешип тааный турган күн катары 21-майды карап жатышат”, – деп билдирди RTE.
Ирландия менен Испаниядан тышкары Словения жана Мальта тууралуу да сөз болуп жатканы белгиленген.
Апрель айынын аягында европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррел да Палестинаны Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү май айынын аягында таанышы мүмкүн экенин айткан.
Европа өлкөлөрүнүн Палестинаны таануу аракеттери Израилдин ырайымсыз чабуулдарынан улам Газа тилкесинде курман болгондордун саны көбөйүп жаткан учурда көрүлүүдө. Ошол эле учурда дүйнө өлкөлөрү бул аймакта ок атууну токтотууга жана Газа тилкесинде тынчтык үчүн туруктуу чечим табууга чакырышууда.
Учурда Палестинаны БУУга мүчө 193 өлкөнүн 140тан ашыгы өз алдынча мамлекет катары тааныйт. Палестина Ислам Кызматташтык Уюмунун (1969), Араб мамлекеттеринин лигасынын (1976) жана ЮНЕСКОнун (2011) мүчөсү. 2012-жылы Палестина мамлекети БУУда байкоочу мамлекет статусун алган. Дүйнөнүн 95 өлкөсүндө Палестинанын элчиликтери жана туруктуу өкүлчүлүктөрү бар.
















