Европа Биримдиги (ЕБ) АКШдан импорттолгон автоунааларга, Boeing учактарына жана бурбонго бажы төлөмдөрүн киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg Еврокомиссиянын 206 беттен турган документине шилтеме берип жазды.
📦 Эмне себептен?
Еврокомиссия ЕБ өлкөлөрүнө АКШдан жалпы суммасы 72 млрд еврого бааланган товарлардын тизмесин сунуштады. Бул кадам АКШнын 1-августтан тарта ЕБден келген бардык экспортко 30% бажы салыгын киргизүү чечимине жооп иретинде каралууда.
Бул ЕБ тарабынан сунушталган экинчи жооп чарасы:
▪️ Биринчи пакет 21 млрд еврого бааланган товарларды камтыган жана быйыл жазында АКШнын ЕБден келүүчү болот жана алюминийге киргизген 10%дык пошлиналарына каршы иштелип чыккан. Бирок ал убактылуу токтотулган, анткени ЕБ бажы төлөмдөрдү токтотуу боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүнү үмүт кылган.
📑 Жаңы тизмеге эмнелер кирет?
– Машина куруу тармагындагы товарлар
– Химикаттар
– Пластмасса
– Медициналык шаймандар
– Электр жабдуулары
– Вино жана айыл чарба продукциясы
Алгачкы сумма 95 млрд еврого чейин жеткен, бирок консультациялардан кийин 72 млрд.га чейин кыскартылган.
📝 Критерийлер:
– Товарлардын альтернативасы болушу керек
– Жеткирүү наркы өтө жогору болбошу шарт
– Аскердик продукция бажы төлөмдөрүнөн бошотулат
Бул чаралар АКШ менен ЕБ ортосундагы соода чыңалуусунун жаңы айлампасын башташы мүмкүн.


















