2023 жылдын 22-июнь күнү Башкы Прокурор КР Кылмыш жана жаза кодексинин, 338 -беренесине ылайык “Кызмат абалынан аша чабуу” боюнча А.К. Мадумаровго карата тергөө иштерин жургузууго Жогорку Кенештен уруксат сурап, копчулук добуш менен макулдук алышкан. Андан кийин Жогорку Кенеш каникулга чыгышып, кайра 1-сентябрь күнү ишин улантты.
2-сентябр күнү, сейилдеп жүргөн жеринен Адахан Кимсанбаевичти кармап кетишип, 2 айга камакка алынды. Адахан Кимсанбаевичти коркунучтуу кылмышкерди кармап кеткендей кылбай эле, телефон менен чакырса өзү деле бармак. Ал киши өз мойнуна жоопкерчиликти алып, жооп бергенден эч жакка качмак эмес. Бардык териштирүү иштери мыйзам чегинде болуусу шарт.
Коомдун өнүгүшүнө, мамлекеттик бийликтин бекемделишине сын-пикир чоң жардам берип келген. Талаш-тартышсыз чындык да болбойт. Дүйнөдө, геосаясатта жер талашуу, басып алуу, үстөмдүк кылуу, экономикалык жактан алсыратуу сыяктуу өзгөрүүлөр болуп жатканда, мамлекет катары, өлкөнүн бүтүндүгү, келечеги үчүн бир муштумдай биригишибиз абзел.
Эмил Токтошев,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы.