Eurasiatoday
Бейшемби, 07-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Э. Эргешов: «Палестинада дүйнөлүк ири державалардын саясый кызыкчылыгы бар…»

  • Эксперттин пикири
  • 20.04.2023 13:38

Loading

Жыл сайын Ыйык Рамазан айынын үчүнчү жумасынын жума күнү  эл аралык деңгээлде “Аль-Кудс” күнү белгиленип келет.

Бул Иран Ислам Республикасынын рухий лидери Аятолла Хомейни тарабынан демилгеленген Израиль  жерин басып алып, эли кордук көрүп келаткан Палестинага тилектештикти билдирген иш чара болуп саналат.

Тема боюнча:

Бишкекте “ПАЛЕСТИНА: зулумдук, каршылык жана жеңиш” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

Бишкекте “ПАЛЕСТИНА: зулумдук, каршылык жана жеңиш” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

20.11.2023

“Евразия Тудей” маалымат агенттиги да кеңсесинде “Аль-Кудс” күнүнө карата тегерек стол өткөрдү. Анда Кыргызстан Ислам Университетинин Гуманитардык факультетинин деканы Эрмамат Эргешов өз оюн төмөндөгүчө билдирди:

– Эгер тарыхый булактарга таяна турган болсок, “Диндер тарыхы” деген илим анык Палестина менен иудейлердин – жөөттөрдүн ортосундагы мамилеге жакындан алектенген предмет болуп саналат. Ошол диндер тарыхынын көз карашы боюнча караганыбызды негизинен азыркы учурдагы Аль-Акса мечити турган жер Байтул Макдус деп аталат. Ал Ыйык жер дегенди түшүндүрөт.

Еврей маалыматтарына таянып караганыбызда, ошол жерлер жөөттөргө Кудай тарабынан убада кылынган жер деп аталат. Негизинен алардын тили менен айтканыбызда ал топурактар, ошол чек аралар жөөттөрдүн карамагындагы жерлер болуп саналат. Иврит тилинде Палестина деген сөздүн котормосу келгиндер деген маанини түшүндүрөт экен.

Жалпысынан караганда Палестина менен Иерусалимдин ортосундагы жаңжалда ошол ыйык деп эсептелген жерге ээлик кылуу же саясый өңүткө караганда көбүрөөк диний негиздеги салгылашуу болуп саналат. Ошондуктан дүйнө коомчулугу бул маселеге киришип, чечкенден оолак туруп калууда. Тилекке каршы Палестинанын кызыкчылыгын коргоо үчүн мусулман өлкөлөрүнүн баары эле бир позицияда эмес. Эгер Палестина өлкөсүнүн кызыкчылыгын коргоп коё турган болсо, ошол эле башка мусулман өлкөлөрү менен мамилеси бузулуп калышы мүмкүн. Андыктан БУУга мүчө өлкөлөр бул маселеге жакындаша албай атат деп ойлоймун.

Себеби бул жерде диний ыйыктык маселеси бар. Эгер ушул диний ыйыктык маселесине басым жасала берсе, анда бүгүнкү күндө Медина, Мекке шаарларынын да актуалдуулугу төмөндөп калуу коркунучу турат. Ошондуктан мусулмандар ал жердеги окуяларга түздөн-түз кийлигишип, өздөрүнүн активдүүлүгүн, чечкиндүүлүгүн көргөзө албай атат деп ойлоймун. Себеби өзүңүздөр билгендей эле тарыхта 1897-жылы булардын алгачкы аракети башталып, алардын “Жараткан тарабынан тартууланган жерине” кайтуу жүрүшү башталган.

Палестина менен Израилдин ортосундагы келишпестик жарым кылымдан бери жүргөн болсо, еврейлер фараондордун доорунан бери эле куугунтукталып жүргөн калк да. Булар иудаизмдин дин катары сакталуу статусун сактап калуу менен улутташып кетүүсү да ушундан улам.

Негизи иудаизм белгилүү бир улутка түшкөн дин эмес. Бул христиан, ислам дининдей эле жалпы адамзатка келген диндер катары каралууга тийиш. Бирок өздөрүнүн улутташтыруу саясаты дагы акырындык менен бүгүнкү күндө ошол Израиль мамлекетинин түптөлүшүнө карай жасалган кадамдар болуп эсептелет деп эсептеймин.

Эгер 1897-жылы алгачкы жерпайы түптөлгөн болсо, 1917-жылы эң негизги окуя бул Бальфур келишими болуп саналат. Ошол окуядан кийин дагы араб улутундагы элдердин жөөт улутундагы элдерди жок жерден өлтүрдү деген күнөөлөр менен  жаңжал дагы күчөдү. Бул жерде чоң күчтөр бар экендигин дүйнө жүзү билип турса дагы унчуга албайт. Тарыхый жактан маалымат катары айта турган болсок, бул жерде Англиянын түздөн-түз кийлигишүүсү бар. Анткени Бальфур келишими улуу британиялыктар тарабынан сунушталган.

Ал келечекте Палестина аймагында Израиль мамлекетин куруунун алгачкы кадамы болуп саналат. 1947-жылдары Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Палестинага еврейлердин көчүп барышы, 1947-1949-жылдары уруштун күч алышы, 1948-жылы Палестина менен Израилдин ортосундагы дүйнөлүк деңгээлдеги көңүл бурууну жараткан согуштун чыгышы баары Батыш өлкөлөрүнүн Жакынкы Чыгыш аймагына үстөмдүгүн күчөтүү, башкача айтканда израилдиктерди колдонуу менен өздөрүнүн үстөмдүгүн бул аймакта орнотуу болуп саналат.

Чыгыш өлкөлөрүнүн өздөрүнүн маданияты, саясаты, цивилизациясы жүрүп атат да. Муну бир чети Осмон империясынын учурунда орнотулган эрежелерди жокко чыгаруу аракети катары да карасак болот. Акыркы эле маалыматтарды алсак, палестиналык аалымдардын башчысы Ясин өз сөзүндө жагдайды диний өңүттөн жоромолдоп берди. Бүгүнкү күндө бул мечиттин жарымын еврейлер өзүнүн синагогасы катары колдонгусу келет.

Себеби 5-6-апрель алардын өздөрүнүн ыйык диний жөрөлгөлөрүн өткөрүүчү күн болуп атат. Ошонун алдында мусулмандарга кол салынышы, бир чети мусулман жаштардын еврейлерге каршы турушу да ошол мечитти ортосунан бөлүп, өздөрүнүн кызыкчылыгына колдонуу максаты.

Негизи акырындык менен ыйык жерди ээлеп ала турган болсо, бүтүндөй бул аймактарды, мамлекеттерди толук кандуу өз көзөмөлүнө алууну көздөшүүдө деп эсептеймин. Мүмкүн саясый өңүттө дүйнөгө башка айтылып аткандыр, бирок бул жаңжалдын түпкү себеби- диний кызыкчылык. Себеби 1947-жылы булардын БУУ тарабынан Израиль мамлекетин кайра түзүү саясаты, ошол эле Израилдин 1948-жылы өзүнүн Эгемендүүлүгүн жар салышы.

Бирок БУУга кирген 192 мамлекеттин 163ү гана алардын Эгемендүүлүгүн тааныган. Мындан тышкары Израилдин Эгемендүүлүгүн тааныган менен кайра кабыл албаган да 4-5 өлкө бар экен. Мына ушуларды эске алганда, азыр кайра калыптандыруу процесси жүрүп жатат. Анан 1993-1995-жылдары Осло келишимин эске ала турган болсок, дүйнө жүзү Палестинанын кызыкчылыгын коргоону, эркиндикке жетүүсүнө кайдыгер экендигин көрсөк болот. Осло келишими өзү күчтүү документ. Адам укуктары каралган. Бирок Палестинага келгенде эле Осло келишими ишке ашпай калып жатат.

Демек, бул жерде Батыштын кызыкчылыгы жогорку деңгээлде туруп, Чыгыш өлкөлөрүнүн укугу корголбогондугун көрөбүз. Палестинадагы окуяларга Россия менен Украинанын ортосундагыдай деңгээлде баа берилген жок.

Мусулман өлкөлөрүнүн да буларга кийлигише албай жаткандыгы да ыйыктык маселесинде өздөрүнүн кызыкчылыгына доо кете турган кандайдыр-бир себептер бар. Болбосо арабдардын лигасы түзүлгөн да. Палестинада болсо арабдар жашайт. Арабдардын укугун коргоп беребиз деп чыкса болот. Бирок бул жерде алар дүйнөлүк деңгээлде өздөрүнүн ордун жоготуп алуудан чочулашат. Бир чети диний ыйыктык жагдайын колдонуу менен бул аймактын табигый кен байлыктарына үстөмдүк жүргүзүүнү көздөгөн түпкү кызыкчылык бар. Айтор, еврейлер кайсы бир дүйнөлүк державанын куралына айланып калууда.

Эки диндин өкүлдөрүн уруштуруп коюп, андан ары өздөрүнүн саясатын жүргүзүүнү көздөп жаткандыгын байкасак болот. Кээде мусулмандар бириккенде эле Палестина маселеси чечилип калат деген түшүнүк бар. Жок, андай эмес. Кээ бир учурда мусулмандардын сөзү өтпөй кала турган жагдай бар. Бул жерде ошол уюмдардын көңүлү тоюп же кызыкчылыгы башка жакка оогондо гана Палестина маселеси чечилет.

Бир чети Палестинадагы Аль-Акса мечити жайгашкан жер үч дин үчүн да маанилүү болгон жер. Демек, бирөөнүн эле менчиги, ыйыктыгы деп кесе айтууга да болбойт. Чек ара көйгөйүн израилдиктер менен палестиналыктар өздөрү эле чечип коё турган маселе. Качан гана кошуна элдер ич ара тил табышса, дүйнө жүзү андан кийин жардам бере алат. Акыркы маалыматтар боюнча, эки өлкөнүн өкмөт башчылары Махмуд Аббас менен Биньямин Нетаньяху жок дегенде туристтер келген учурда урушпай туралы деп келишим түзүштү.

Араб лигасына мүчө төрт өлкөнүн “Аль-Кудс” күнүн  колдоого алып  жаткандыгын айтсак болот.

Даярдаган Эмилбек Момунов

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Аль-КудсПалестинаЭрмамат Эргешов
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

Палестинага жардам колун сунган Борбор Азия өлкөлөрү. Кыргызстан 5 тонна гумжардам жөнөтөт

29.11.2023
Бишкекте “ПАЛЕСТИНА: зулумдук, каршылык жана жеңиш” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

Бишкекте “ПАЛЕСТИНА: зулумдук, каршылык жана жеңиш” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды

20.11.2023
Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

Эрдогандын жубайы Стамбулда Палестина боюнча саммит өткөрдү. Ага Биринчи айымдар катышты

17.11.2023
Кулубаев: Палестина элинин азап-кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт

Кулубаев: Палестина элинин азап-кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт

16.11.2023
Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

Турсунбай Бакир уулу: Кутурган жөөттөргө ХАМАС күчүн көрсөттү. Видео

14.11.2023
Палестина Кыргызстандын көрсөткөн көмөгүн эч качан унутпайт

Палестина Кыргызстандын көрсөткөн көмөгүн эч качан унутпайт

14.11.2023
Кыргызстанда окуган палестиналык студенттерге жардам көрсөтүлдү

Кыргызстанда окуган палестиналык студенттерге жардам көрсөтүлдү

14.11.2023
Аалымдар Кеңеши: Израилдин Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргыны — адамзаттык кылмыш

Аалымдар Кеңеши: Израилдин Палестинанын карапайым калкына каршы жасап жаткан согуштук кыргыны — адамзаттык кылмыш

06.11.2023
Түркияда демонстранттар АКШнын авиабазасына кирүүгө аракет кылышты

Түркияда демонстранттар АКШнын авиабазасына кирүүгө аракет кылышты

06.11.2023

Башкы жаңылыктар

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023
 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

02.12.2023
Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30.11.2023

Валюталар курсу

31
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023
Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке жеткириле баштады

Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке жеткириле баштады

04.12.2023
ККМ салыгы: белгисиз күчтөр соодагерлерди тукурууга аракет көрүүдө

ККМ салыгы: белгисиз күчтөр соодагерлерди тукурууга аракет көрүүдө

04.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.