Бүгүн, 20-ноябрь эртең менен калың туман “Дубай” эл аралык аэропортунун (DXB) ишин кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуратты. Андан улам учактар жакынкы аэропортторго жөнөтүлдү.
Fars News агенттиги маалымдагандай, Россия менен Чехиядан келген жети чет элдик каттам Ирандын “Бандар Аббас” эл аралык аэропортуна конгонун Хормозган провинциясынын аэропортторунун башкы директору Казем Тавассоли билдирди.
Анын айтьмында, “Бандар-Аббас” аэропортунун бардык операциялык, жер кызматтары жана коопсуздук бөлүмдөрү толук даярдыкта турат. Бул рейстердин жүргүнчүлөрүнө жана экипаждарына керектүү бардык кызматтар көрсөтүлдү. Кабыл алуу процесси эч кандай көйгөйсүз өтүп, мындан аркы иштер үчүн шарттар толук камсыздалды.
Тавассоли белгилегендей, бул окуя “Бандар-Аббас” аэропортунун өзгөчө кырдаалдарда эл аралык каттамдар үчүн аймактык таяныч жана коопсуз пункт катары стратегиялык ордун дагы бир жолу көрсөттү, ошондой эле провинциянын аэропорт комплексинин авиациялык кризистерди башкаруу жөндөмдүүлүгүн далилдеди.
ARN News агенттиги маалымдагандай, жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:00гө чейин 19 рейс жакынкы аэропортторго жөнөтүлгөн.
Бүгүн эртең менен БАЭнин Улуттук метеорология борбору (NCM) кызыл жана сары эскертүү жарыяланды, анткени коюу туман өлкөнүн айрым аймактарында көрүү мүмкүнчүлүгүн азайтты.

















