Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Мьянмадагы жер титирөөдөн жабыркагандарга шашылыш жардам көрсөтүү үчүн 100 тонна дары-дармек жана керектүү буюмдарды берди.
Бул тууралуу ТАСС агенттигинин маалыматында айтылат.
ДСУ жергиликтүү муктаждыктарга ылайык кошумча жашоо үчүн керектүү материалдарды сатып алууда. Уюмдун билдирүүсүндө, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Мьянмага кошумча ДСУ эксперттери да жөнөтүлдү.
Алардын милдеттерине жеринде тез жардам бригадаларынын ишин координациялоо кирет.
Мындан тышкары, ДСУ ооруканалар жана саламаттыкты сактоо мекемелери үчүн бейтаптардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында көп функциялуу чатырларды берди, алардын көбү кырсыктан жарым-жартылай же катуу жабыркагандар болуп саналат.

















