АКШ президенттигине талапкер Дональд Трампты ташыган учак жума күнү кечинде Монтана штатына шашылыш конду, деп билдирет Tengrinews.kz NBC Montana телеканалына шилтеме берүү менен.
Трамптын учагы Монтана штатынын Бозман шаарына учуп бара жаткан. Ал жерде саясатчы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында митингге катышууну пландаган. Бирок техникалык мүчүлүштүктөн улам учак Боземанга жетпей, ошол эле штаттын Биллингс шаарына чукул конду.
Биллингс аэропортунун өкүлдөрүнүн айтымында, Трамп жеке учак менен Боземанга барган. Бул эки шаарлардын ортосундагы аралык 240 километрге жакын.
Дональд Трамп кийинчерээк Монтанага келгенине кубанычта экенин айтып, бирок авариялык конуу тууралуу сөз кылган эмес.
Эске салсак, июлда республикачы Дональд Трамп Мичиган штатында шайлоочулар менен жолугуп, Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жөнгө салууга, ошондой эле 3-дүйнөлүк согуштун алдын алууга убада берген.

















