Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун (ДЭУ) аялдар канатынын мүчөлөрү кармалганын КР УКМК кабарлады. Ушуга байланыштуу аталган бул уюмдун ишмердүүлүгүнүн айланасындагы диний маселелер боюнча серепчи, ОшМУнун теология факультетинин доценти, Зайлабидин Ажимаматов менен маек курдук.
-Зайлабидин мырза, саламатсызбы? Өзүңүзгө маалым болгондой, өткөн жумада атайын кызмат Жалал-Абаддын Ноокен районунан “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө болуп жүргөндөрдү кармабадыбы. Ушуга байланышуу Сиз менен кыскача маек кургум келди. Азыр алар активдешип баратабы же анчалык эмеспи? Негизи алардын активдүүлүгү азыр кандай байкалып жатат?
-Саламатчылык. Кыргызстанда “Хизб-ут-Тахрир” уюму азыркы күндө жаңы уюм катары эсептелбейт да, билесиң. Булар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарынан бери эле ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатышат. Анан бул уюмга бизде тыюу салынгандан кийин ишмердүүлүгүн ачык эмес, жашыруун жүргүзө баштаган. Тыюу салынгандан кийин алардын колдоочулары же мүчөлөрү канчалык көйбөдү же азайды деген маселеге жооп бериш кыйын. Анткени бул боюнча толук маалымат жокко эсе. Бирок бир нерсени айта алабыз, “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна тыюу салынгандан кийин деле өз ишмердүүлүгүн токтотушкан жок, алар аздыр-көптүр иш жүргүзүп келишүүдө. Кээ бир учурда алардын кармалганы тууралуу маалыматтарды угуп калып жатабыз. Бирок “Хизб-ут-Тахрир” акыркы кезде активдеше баштады, коомдо таасирдүү боло баштады”,- дегенди түшүндүрбөйт. Негизинен биздин коомдо азыр аларды өтө таасирдүү уюм катары айтпасак деле боло берет. Бирок белгилүү бир деңгээлде өзүнүн таасирин тийгизип, ишмердүүлүгүн жабык түрдө жүргүзүп жатышат.
-Булар кармалгандан кийин камалат, камакта андан ары активдешип, жанындагыларды өз катарына тартып, анан чыгып келгенден кийин ишмердүүлүгү кандай болот?
-Бул нерсе мисалы “Хизб-ут-Тахрир” уюмуна мүчө болгон адамдардын билим деңгээлине байланыштуу. Эгерде арасында диний жактан эч кандай билими жетиштүү эмес, “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун лидерлерин ээрчигендер жөнөкөй катардагы адамдар гана болбосо, ал жакта эч кандай таасирдүү боло алышпайт. Ал эми таасирдүүлөрү негизинен “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү болгон болсо, алар тиги жактан да ишмердүүлүгүн улантышы мүмкүн.
Эми кандай болгон чакта дагы, бул коомдук фактор катары карай турган болсок, тыюу салуу – бул маселени түп тамырынан системалуу түрдө чече турган маселе эмес да.
-Ушул багытта суроом бар эле, “Хизб-ут-Тахрир” уюму Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөдө диний көзөмөл катуу болбогондуктан бизге кирип, жайылып, анан тыюу салынгандан кийин булардын мүчөлөрү кармала баштады. 2010-жылдын айланасында булар менен күрөш аябай катуу жүргөн. Бирок азыркы учурда алардын ячейкалары ишмердүүлүгүн азайткандай болуп калды окшойт, анткени кармалганы тууралуу маалыматтардан азыраак чыгып калышты. Бирок баары бир бар. Анан коомчулукта булар менен катуу күрөшүү натыйжа бербейт дегендей сөз болуп келген. Ошондо мамлекет азыр кандай күрөшүп жатат?
-“Хизб-ут-Тахрир” уюмунун алгач таасирдүү болушунун эң негизги себеби катары, бул Кыргызстанда алгачкы жылдары алардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынбаганы деп түшүнсөк, анда ал бир аз жетишсиз болуп калат. Ал убакта коомчулукта диний маалыматтуулук, диний түшүнүк азыркы учур менен салыштырып болбойт. Ошол эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы коомчулуктун жалпы түшүнүгүн карай турган болсок, анда дин боюнча бир топ төмөн болгон. Бул биринчиден, ал эми экинчиден болсо: эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кыргызстанда динге эркиндиктин берилиши менен адамдарда динге болгон кызыгуунун өтө жогорку деңгээлде болгондугу дагы, аларга чоң мүмкүнчүлүк болгон десек болот.
Анан мамлекет бир учурларда аябай катуу күрөшүп, андан кийин токтотуп койгондугу үчүн аларга карата каршы күрөштүн басаңдаганы үчүн булар күчөдү деген нерсеге мен анча кошула албайм. Себеп дегенде, жогоруда айткандай, коомчулукта аздыр-көптүр же жакшыбы-жаманбы диний аң-сезим, диний маалыматтуулук, диний түшүнүк бир аз да болсо өстү. Ошондуктан адамдар кимди ээрчиши керек экендигине көңүл буруп калышты. Ошентип азыркы учурдагы абал менен карай турган болсок, “Хизб-ут-Тахрир” уюмун баары эле ээрчип кете бербейт. Мамлекет булар менен кандай күрөшүш керек деген сурооңузга ушундай деп жооп берсе болот. Мамлекет мындай нерсени күч менен же мыйзам менен гана басып күрөшпөстөн, коомчулукта ушуларга каршы келе турган механизмдерди же агартуу багыты боюнча көбүрөөк түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, адамдарга жетиштүү маалыматтарды көбүрөөк берүү иштерине басым жасаш керек. Ошондо гана бул сыяктуу уюмдар менен системалуу түрдө күрөшкөн болуп эсептелет.
-Акыркы суроо болсун, Сиздин баамыңызда, бул уюмдун Борбор Азия мамлекеттеринде ишмердүүлүгү кандай байкалып жатат?
-Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде салыштырмалуу түрдө эң активдүү өлкө катары Кыргызстанды айтсак болот. Себеп дегенде бизде Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде динге эркиндик берген өлкө Кыргызстан болгону үчүн бизде “Хизб-ут-Тахрир” уюму салыштырмалуу бир аз көбүрөөк жайылгандыгын айсак болот. Анан жалпылап караганыбызда булардын ишмердүүлүгү мурдагыга салыштырмалуу күчөдү деп айта албайбыз же мурунку учурларга караганда бир аз пассивдешкенин айтсак болот. Ошентип “Хизб-ут-Тахрир” уюму биздин коомчулукта актуалдуулугун мурунку учурларга караганда төмөндөгөндүгүн айтсак болот. А мурду “Хизб-ут-Тахрир” темасы аябай актуалдуу болгон, өтө коркунучтуу абал катары көрсөтүлгөн, сүрөттөлгөн. Ал эми азыркы күндө биздин коомдо диний аң-сезим, диний түшүнүктөр белгилүү бир деңгээлде көтөрүлгөндүгү үчүн мамлекет деле муну сезди окшойт, “Хизб-ут-Тахрир” уюму сыяктуу диний уюмдардын жайылып кетүү коркунучу мурдагыга салыштырмалуу азайды десек болот, башкача айтканда, андай уюмдарга карата болгон кооптонуу сезими да төмөндөдү.
-Рахмат маегиңизге!
Маектешкен: А. Белеков.




















