8-октябрда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн диний ишмерлер менен жыйын өткөрдү.
Анын жүрүшүндө Садыр Жапаров мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өлкөдөгү диний абалды жөнгө салуу, тартипке келтирүүгө аракет болуп жатканын айтты.
Мындан тышкары, мыйзамга кошумча түзөтүүлөр киргизилип жатканын, буга чейин дин аалымдары менен бир нече жолу чогулуп, пикир алмашуу болгонун баса белгилеп, дагы бир жолу дыкат каралгандан кийин гана Жогорку Кеңешке жиберүүнүн маанилүүлүгүн айтты.
Анткени мындан эки ай мурда бул мыйзам долбооруна Дин иштери боюнча комиссиясы түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштаганда, коомчулук тарабынан ар кандай сын көз караштар менен бирге кайчы пикирлер да болгондуктан, президент да бул маселеге кайдыгер эмес экендигине токтолгон.
Садыр Жапаров Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер болсо мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын айтты.
Мындан тышкары, ал 2020-жылы Баш мыйзамдан баштап бардык мыйзамдарды оңдоп-түздөө иштери башталганын, анын натыйжасында тартип орноп, мамлекет өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилей кетти.
Президент ошондой эле жол менен Муфтият менен Аалымдар кеңешинин позициясын бекемдөө үчүн “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду. Ал мамлекеттик реформалар сыяктуу эле, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы өлкөнүн бардык конфессияларында тартипти орнотууга, анын ичинде мусулмандар арасында ынтымакты камсыздоого мүмкүндүк берет деди.
Дүйшөн Абдылдаев, белгилүү дин ишмери, аалым;
Бизде, “Кылмыш жазасы” боюнча жазага тартууга толук мүмкүнчүлүк бар
– Бул мыйзам долбоору менен таанышып чыкканмын. Маселен, диний мазмундагы макала, пост же комментарий өңдүү материал даярдап чыгармакчы болгон атуулдар адегенде барып катталуулары керек экен.
Менимче, бул туура эмес. Адам укугун, эркиндигин жана сөз эркиндигин чектөө болуп саналат. Ошондуктан аны долбоордон алып салуу керек.
Анткени бизде кылмыш жаза, башкача айтканда, мыйзам беренелери бар. Кандайдыр бир аша чапкан, туура эмес диний мазмундагы маалыматтарды тараткандарды же жалган маалыматтарды ошол “Кылмыш жазасы” боюнча деле жазага тартууга толук мүмкүнчүлүк бар.
Эң жакшы жери, Аллахка шүгүр, бизде диний жактан билимдүү молдолор, аалымдар, диндарлар көп. Эгер кайсыл бир мусулман же тескерисинче, дин душаны кандайдыр бир туура эмес мүнөздөгү материалды ММКга, интернетке жүктөсө, аны мусулмандар өздөрү эле туш тараптан каталыгын же күнөөлүү иш аракеттерин ашкерелеп коомго жайылтып, анын оозун басып салууга, токтотууга, ал турсун административдик жоопко тарттырып салууга мүмкүнчүлүктөрү жетет.
Дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, жыйындын жүрүшүндө, мыйзам боюнча “Хизб-ут тахрир” жана “Йакын инкар” уюмдарынын үгүт жүргүзүүсүнө жол берилбестиги ачык белгиленди.
Ал эми, менин жекече түшүнүгүмдө Абу Ханифа мазхабы боюнча ээн-эркин насаатчылык үгүт кыла берүүгө азыркы мыйзам долбоору көчөдөн, эл чогулган жерлерден, үйлөрүнө барып мечитке чакырууга мүмкүн болуп калды.
Бирок, кайсыл бир жогорку дин окуу жайын бүтүп келген аалым билген илимин же динге тиешелүү маселелер боюнча өз пикирин ээн-эркин билгизе бергени жакшы. Анткени, аалым, дин жетекчилерине, аалымдар кеңешинин жетекчилерине жекече пикир келишпестиктердин себебинен жакпай калса анда, ал аалымга же аалымдарга жекече себептерден тыюу салынып калбашы керек…
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева




















