Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Министерлер кабинетинин мамлекеттин экономика тармактарын жана калкын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча маалыматын укту. Комитеттин отурумуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Энергетика министри Таалайбек Ибраев өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалымат берди. Министр электр энергиясы, жаратылыш газы, көмүр менен камсыз кылуу, электр энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмү жөнүндө айтты. Тактап айтканда, отун сатып алуу графигине ылайык, көмүр даярдоонун көлөмү 107 миң 437 тоннаны түзөт.
Бүгүнкү күндө филиалдардын кампаларында 14 миң 116 тонна көмүр бар. Мазут даярдоо планы боюнча 25164 тоннаны түзсө, филиалдардын кампаларында 4728 тонна камдалган. 2023-жылдын 12-сентябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,535 млрд м3 түздү, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,877 млрд м3га азыраак.
Талкууда депутат Кундузбек Сулайманов жаңы имараттарды газдаштыруу жана ага кошулган абоненттердин санын тактады. Коммерциялык банктардын өкүлдөрү 2500гө жакын үй-бүлө газга кошулуу үчүн насыя алганын айтышты. Депутат Алишер Козуев «Чакан ГЭС» ААКсында электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмү жана Ош шаарындагы ТЭЦте күйүүчү майдын бар-жогу тууралуу суроого түшүндүрмө сурады. Ал социалдык объектилерди күйүүчү май менен өз убагында камсыздоо, сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурду.
Комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев электр энергиясын импорттоо, Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы маселелерге токтолду. Депутат Жеңишбек Токторбаев күз-кыш мезгилине даярдыктар боюнча тынчсыздануусун билдирип, 2023-жылы ишке берилүүсү пландалып жаткан кичи ГЭСтердин маселесин да көтөрдү. Депутат Мирлан Самыйкожо энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, күндүн энергиясын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүү жана чакан ГЭСтерди куруу, анын ичинде Кара-Кече кенинин “Чыгыш” жана “Батыш” тилкелерин иштетүүгө лицензия алуу маселесин козгоду.
Талкуунун жыйынтыгында Комитет Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө маалыматты эске алды.
Комитет ошондой эле 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде энергетика тутумунун туруктуу иштешин жана республиканын экономикасын жана калкын электр энергиясы, жылуулук жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну, ошондой эле 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен камсыз кылууну, ошондой эле электр жана жылуулук энергиясын керектөөчүлөрдүн авариялык өчүрүлүшүнө жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрүүнү сунуштады.
Комитет ошондой эле “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды.