Кыргызстанда кыш мезгилинде электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу 23-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын райондук электр тармактары ишканасынын жаңы административдик имаратын ачуу аземинде билдирди.
Жаңы имарат Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Ал заманбап архитектуралык талаптарга ылайык курулуп, жалпы аянты 919 чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу бул объект бардык инженердик жана байланыш системалары менен жабдылган. Курулуш иштери 2025-жылдын экинчи чейрегинде башталып, төртүнчү чейрегинде аяктаган.
Ички жана тышкы жасалгалоодо энергияны үнөмдөөчү материалдар жана заманбап технологиялар колдонулган. Курулуштун баасы 55,25 миллион сомду түзүп, каражат «Улуттук электр тармагы Кыргызстан» ишканасынын өз каражаттарынан бөлүнгөн.
Камчыбек Ташиев жаңы имараттагы шарттар менен таанышып, энергетиктер менен жолугушууда кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү зарылдыгын баса белгиледи.
УКМК төрагасы өз сөзүндө мындай деди:
«Акыркы 3–4 жылда инфраструктураны оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Биз азыр тармактын туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн этабында турабыз. Президенттин тапшырмаларын аткаруу боюнча иш башталды деп ойлойм. Кыш жакындап калды, быйыл суу аз, бирок ошого карабастан, республика боюнча электр энергиясын өчүрүүгө жол берилбейт. Элге кыйынчылык жаратпашыбыз керек. Бул бардык энергетиктерге берилген тапшырма», — деди Ташиев.





















