26-январда Жогорку Кеңештин «Альянс» парламенттик фракциясы өлкөдөгү жумушсуздук, жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруудагы ачык-айкындык, андагы негизги көйгөйлөр тууралуу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Фракциянын жыйынында депутаттар койгон маселе боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тиешелүү өкүлдөрү, жетекчилер жооп берип, кенен маалымат беришти. Ошондой эле, БУУнун Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү миграция саясатындагы акыркы тенденциялар тууралуу анализи менен тааныштырды.
Фракция лидери Жанарбек Акаев чет өлкөгө жумушка барууга кызыкдар жарандар тараптан өтө көп суроолор түшүп жаткандыгын, Улуу Британия сыяктуу мамлекеттерге бөлүнгөн квоталар жана легалдуу өкүлдөр тууралуу көбүрөөк маалымат таратылышы керектигин айтып, бул маселеде коррупциялык аракеттерди болтурбоого чакырды.
Депутаттар Нилуфар Алимжанова жана Азамат Исираилов Түштүк Корея, Венгрия сыяктуу өлкөлөргө жумушка жиберүү маселеси боюнча аймактарда суроолор көп экендигин белгилеп, айрым жарандар маалыматтын жоктугунан ортомчу фирмаларга алданып калган учурлар көп болуп жаткандыгын айтышты.
Фракция депутаттары жумушсуздукту кыскартуу тууралуу Министрлер кабинетине бир нече сунуштар берилгенин, бул маселенин үстүндө бардык бийлик бутактары чогуу иш алып баруусу зарыл экендигин белгилешти.
Белгилей кетүүчү жагдай, акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары Улуу Британия, Европа, Түштүк Корея өлкөлөрүнө жумушка көп барышууда. Бирок алар айрым учурда ортомчу фирмалар тарабынан алданып же көп чыгымга учурап калышууда. Мисалы, Улуу Британияга 6 айга мезгилдүү жумушка баруунун баасы 100 миң сомдон ашып кетүүдө.

















