Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Депутаттар Австрия, Чехия жана Словакиядагы мекендештер менен жолугушту

  • Коом
  • 17.05.2024 12:12

Loading

Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламент депутаттары Австрия Республикасындагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөдө, ошондой эле ага коңшулаш Чехия, Словакия мамлекеттеринде иштеп жана окуп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жолугушууда расмий сапарынын максаты жана анын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр тууралуу учкай маалымат берген Төрага мекендештер менен да жолугушуп кетүү негизги пландарынын бири болгонун кошумчалады.

“Австрия баштаган Европанын өлкөлөрүндөгү алдыңкы окуу жайларында билим алып, ири компанияларда иштеп жаткан мекендештерибиз арбын экени өтө кубандырды. Бирок Кыргызстан силерди дайым күтөт. Бул жактан алган билимиңерди жана топтогон тажрыйбаңарды мамлекетибиздин өнүгүшү үчүн жумшап, ири реформаларды ишке ашырууга салымыңарды кошосуңар деген ишеничтемин”, – деди Нурланбек Шакиев.

Тема боюнча

ЖОЖдордо окуу акысы 50 миңден 100-120 миң сомго чейин жогорулап кеткен

ЖОЖдордо окуу акысы 50 миңден 100-120 миң сомго чейин жогорулап кеткен

29.01.2026

Муну менен катар Кыргызстанда жасалып жаткан иштерге, жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолгон Төрага: “Биздин башкы максатыбыз калктын социалдык абалын жакшыртуу, экономиканы көтөрүү жана бакубат мамлекетти куруу. Ошондой эле жалпы республика боюнча жумуш орундарын түзүү менен чет жерде эмгектенип жаткан жарандарыбызды мекенибизге кайтаруу” – деп кошумчалады.

Андан тышкары, көпчүлүк эмгек мигранттарынын негизги планы турак-жай алуу экенин белгилеген Нурланбек Шакиев акыркы жылдары жеңилдетилген баада ипотекалык үйлөрдү курууга өзгөчө көңүл бурулуп, жыл аягына чейин 5 миңдей батирди ээлерине тапшыруу максатталып жатканын маалымдады.

1 of 10
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

“Жеңилдетилген баада турак-жайларды куруу аймактарда да улантылып, район жана облус борборлорунда да жаңы үйлөрдүн пайдубалдары түптөлүүдө. Жакынкы жылдары турак-жайга болгон муктаждыкты кескин азайтып, эмгек мигранттарыбыздын да үйлүү болуусуна мүмкүнчүлүк түзөбүз”, – деди Нурланбек Шакиев.

Жолугушуу суроо-жооп иретинде уланып, чет жерде жашаган мекендештердин балдарына кыргыз тилин үйрөтүү маселесине байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү.

Төрага аталган маселе боюнча да алгылыктуу аракеттер көрүлүп жатканын айтып, кыргыз тилин үйрөтүү боюнча заманбап усулдарды иштеп чыгуу тууралуу адистерге тапшырма бергенин билдирди. Муну менен катар чет жердеги жашаган мекендештердин балдарына керектүү кыргыз тилиндеги китептерди алып берүү боюнча да тийиштүү иштерди алып барууга даяр экендигин кошумчалады.

Жолугушууда Австрияда көп жылдан бери жашап келе жаткан Махабат Садырбек немис улутундагылар үчүн кыргыз тилин жеңил үйрөнүүгө ылайыктап иштеп чыккан усулдук эмгегин тааныштырды.

Андан тышкары, Словакияда 1500-4000дин тегерегинде кыргызстандык эмгек мигранттары бар экени айтылып, андыктан аталган өлкөгө Кыргызстандын элчилигин ачуу демилгеси көтөрүлдү.

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2024/05/audio-1.mp3

Ошондой эле ортомчу агенттиктер аркылуу чет өлкөлөргө ишке орношуу ар кандай тобокелдиктер менен коштолуп жатканы белгиленип, аларды жөнгө салуу маселеси айтылды.

Төрага бул жаатта да жакында эле тиешелүү мекемелер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн маалымдап, чет жерде ишке орноштуруу маселесине байланышкан мамлекеттик механизмди иштеп чыгуу каралып жатканын билдирди.

Эскерте кетсек, жолугушууга депутаттар Эльдар Абакиров, Ырысбек Атажанов, Гуля Кожокулова, Миргүл Темирбаева, Кыргызстандын Австриядагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Төлөндү Макеев, ошондой эле Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев да катышты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АвстрияЖКН. Шакиевчет өлкөдөгү кыргыз мигранттар
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

ЖК депутаты И. Жороев: Кармалган УКМК кызматкерлери жеке аудиторлор аркылуу бизнести талап-тоноп келишкен

ЖК депутаты И. Жороев: Кармалган УКМК кызматкерлери жеке аудиторлор аркылуу бизнести талап-тоноп келишкен

18.02.2026
ЖОЖдордо окуу акысы 50 миңден 100-120 миң сомго чейин жогорулап кеткен

ЖОЖдордо окуу акысы 50 миңден 100-120 миң сомго чейин жогорулап кеткен

29.01.2026
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: “Баалардын өсүшүн жөнгө салуу боюнча Министрлер кабинети эч кандай иш алып барган жок”

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: “Баалардын өсүшүн жөнгө салуу боюнча Министрлер кабинети эч кандай иш алып барган жок”

28.01.2026
ЖК депутаттары тигүү тармагынын көйгөйлөрүн талкуулашты

ЖК депутаттары тигүү тармагынын көйгөйлөрүн талкуулашты

20.01.2026
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатышы, алдыдагы шайлоо тууралуу мурдагы жана  азыркы депутаттар эмне дешет?

Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатышы, алдыдагы шайлоо тууралуу мурдагы жана азыркы депутаттар эмне дешет?

27.09.2025
Д. Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаты; экс-спикер: “VII чакырылыш тарыхый мыйзамдарды кабыл алды. Анын сап башында чек ара турат”

Д. Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаты; экс-спикер: “VII чакырылыш тарыхый мыйзамдарды кабыл алды. Анын сап башында чек ара турат”

26.09.2025
Жогорку Кеңештин VII чакырылышы тарады. Кыргызстандын тарыхында парламент өзүн-өзү таркаткан биринчи учур

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы тарады. Кыргызстандын тарыхында парламент өзүн-өзү таркаткан биринчи учур

25.09.2025
Чет өлкөгө “жеңил жумушка орноштурууга” убада берген шылуундар көбөйдү

Чет өлкөгө “жеңил жумушка орноштурууга” убада берген шылуундар көбөйдү

22.07.2025
Австрияда мектепте окуучу ок чыгарып, жети бала каза болду

Австрияда мектепте окуучу ок чыгарып, жети бала каза болду

10.06.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.