УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдары депутат Эмил Жамгырчиевдин чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысын кантип аныктаганын айтып берди.
Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында Ташиев контрчалгын кызматына депутаттардын биринин консультанты башка өлкөгө документтерди жөнөтүп жатканы тууралуу маалымат түшкөнүн айтты. Ал консультант ким экени, кимге жана кандай документтерди тапшырганы белгилүү болгондон кийин ал Жамгырчиевдин консультанты экени белгилүү болгон. Буга чейин депутаттын чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү белгисиз болчу.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда.
9-январда комиссия жабык жыйынында Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.












Discussion about this post