Кечээ, 24-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин баш коргоо чарасын тандап, бир айга камоо чечимин чыгарды.
Парламентарий Өзбекстан менен болгон чек арадан мыйзамсыз өткөн деп шектелүүдө. Депутат соттун чечими менен 26-февралга чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагында болот.
Соттун чечимине чейин Э. Жамгырчиевдин адвокаты Кайсын Абакиров сот анын “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” иши боюнча бөгөт чарасын карап жатканын билдирген.
Белгилей кетүүчү жагдай, 10-январда Жогорку Кеңеш Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев 2022-жылы Жамгырчиев Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бардыгын айткан. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке келгенде да ырастаган.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.
Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Бирок ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткен.
Э. Жамгырчиев кошуна өлкөлөрдүн бирине качууну пландаштырган
Ал эми КРнын УКМК ЖК депутаты Э. Жамгырчиевдин камакка алынышы тууралуу төмөндөгүдөй маалымат таратты:
-Маалымдалгандай, буга чейин, 2023-жылдын 26-декабрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиевге карата мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөдөдө такталгандай, Э.Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерине качуунун негизинде, ошондой эле криминалдык авторитет – Өзбекстан Республикасынын жараны Салимбай Абдувалиевдин колдоосун алуу максатында, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 2022-жылдын декабрь айында Ташкент шаарына жолугуу үчүн мыйзамсыз барган.
Учурдагы мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР Башкы прокурору аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча өлкөнүн парламентине сунуш киргизген.
Ошол эле учурда 2024-жылдын 9-январында Э.Жамгырчиев, Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени кароо боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жүрүшүндө тергөө амалдарына катышуудан качуу, Кыргыз Республикасынын ЖК имаратынын терезесинен секирүү, ошону менен тергөөгө атайылап тоскоолдук кылып, дайынсыз жоголгон.
2024-жылдын 10-январында өлкөнүн парламенти Э.Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген, жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант К.К.Ташиев, депутаттык корпусту Э.Жамгырчиевдин Ташкенттеги криминалдык авторитет С.Абдувалиевге берген каты менен тааныштырган, аны ошондой эле аны кармоонун зарылчылыгы жок экенин билдирген.
Бирок, Э.Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы баскычта болгондуктан, экинчиси кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында кайрадан коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз чыгуусу тууралуу мамлекеттик комитетке тиешелүү ыкчам маалымат келип түшкөн.
Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, ошондой эле Э.Жамгырчиевдин тергөөдөн жашырынып калуусу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрдүн болушу, 2024-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү, башкача айтканда, 2024-жылдын 26-февралына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Жогоруда белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Жамгырчиевге карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы стадиясында жана жакын арада аяктап, сот органдарына жөнөтүлүп, анын күнөөлүү же күнөөлүү эместиги боюнча чечим чыгарылат.



















