“Россия сегодня” медиа тобунун башкы директору Дмитрий Киселев Бакуда камакка алынган “Sputnik” Азербайжандын журналисттерин бошотууга чакырганын РИА Новсти жазды.
“Биз Игорь Картавых менен Евгений Белоусовду туткундан бошотуп, ошону менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилени калыбына келтирүүгө олуттуу кадам таштасак болот. Мен дагы эки тараптуу мамилелерди калыбына келтирүүгө байкаларлык кадам таштоо зарыл экендигине кошулам “, – деп белгиледи Киселев.
Анын билдиргенине караганда, орус жарандыгы бар Азербайжандагы “Sputnikтин” журналисттери негизсиз айыптар менен туура бир айдан бери темир тор артында отурушат.
Ошол эле учурда ал бүтүндөй медиа-группанын, анын ичинде “Sputnik” бөлүмүнүн редакциялык саясаты ар дайым өлкөлөр менен достук жана союздаштык байланыштарды чыңдоого багытталганын эске салды.
Эске сала кетсек, 30-июнда укук коргоо кызматкерлери “Sputnik” Азербайжандын Бакудагы кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жети кишини кармашкан. Камакка алынган журналисттердин арасында редакциянын жетекчиси Игорь Картавих жана башкы редактор Евгений Белоусов да бар.
Азербайжан бийлиги билдиргендей, аталган маалымат агенттиги 2025-жылдын февраль айында аккредитациясы жокко чыгарылгандан кийин ишин уланткан. Мындан тышкары “Sputnik” “мыйзамсыз иштерди” каржылаган жана арам акчаны адалдаган деп шектелген.
Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин кармалышы тууралуу маалыматты кылдаттык менен карап чыккандарын жана алардын бошотулушуна Баку менен түз байланыш аркылуу жетишүүгө үмүттөнөрүн билдирди.
Ошондой эле БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик журналисттердин иштөө эркиндиги кепилденет деген пикерде экендигин билдирди.


















