Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы дүйнө жаңы өзөктүк куралдануунун жарышына туш болуу коркунучунда экенин эскертти.
Бул тууралуу Telegraph басылмасы билдирет.
Рафаэль Гросси күчөп жаткан жаңжалдар жана туруксуздук өзөктүк куралды жайылтпоонун системасында «жарака» пайда кылып, домино эффектисине алып келиши мүмкүн экенин айтты. Мындай шартта 20га чейин мамлекет өзөктүк куралга ээ болууга умтулушу мүмкүн.
Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору, дүйнөдөгү өзөктүк куралды көзөмөлдөө боюнча негизги орган, ошондой эле төмөнкүлөрдү эскертти:
- Дональд Трамп менен Ирандын ортосунда түзүлө турган ар кандай өзөктүк келишим агенттик катышпаса «иллюзия» болмок
- Кытайдын өзөктүк программасынын «туруктуу өсүшү» тынчсызданууну жаратат
- Түндүк Кореянын жашыруун өзөктүк курал программасы «тез өнүгүүдө»
- Сирияда Башар Асад режими кулагандан кийин да эсепке алынбаган өзөктүк материалдар калган
Ал ошондой эле өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге (ДНЯО) кол койгон айрым өлкөлөр бул келишимди бузуу мүмкүнчүлүгүн ачык талкуулай баштаганына тынчсызданарын билдирди.
Гросси мындай деди: «Европада, Кичи Азияда жана Ыраакы Чыгышта бир катар маанилүү өлкөлөр бул тууралуу айтып, коомдук деңгээлде талкуу жүргүзүп жатышат. “Достук жайылтуу” деген түшүнүк да айтылууда. Бул мени кооптондурат, анткени 20 же андан көп өзөктүк куралы бар мамлекеттерден турган дүйнө өтө кооптуу болмок».
Анын айтымында, өзөктүк курал иштеп чыгуу тууралуу талкуулар «азыркы бөлүнүү, жаңжал жана поляризация атмосферасынан» улам күчөп жатат. Бул болсо айрым өлкөлөрдүн «Биз өзүбүздү коопсуз сезбей жатабыз» деп айтышына алып келиши мүмкүн.
1970-жылдагы Өзөктүк куралды жайылтпоо келишимине ылайык, 191 өлкө өзөктүк куралга ээ болбоого милдеттенме алган. Келишим өзөктүк куралы бар беш мамлекетти (АКШ, Улуу Британия, Франция, Россия, Кытай) тааныйт жана алар мындай технологияларды башкаларга бербөөгө милдеттүү.
Бул келишим Индия, Пакистан, Израиль жана Түндүк Корея сыяктуу өзөктүк куралы бар өлкөлөргө тиешелүү эмес.
Дүйнөдөгү 12 миңге жакын өзөктүк дүрмөттүн 90%га жакыны Россия (5459) жана АКШнын (5277) карамагында.
Өзөктүк куралды жоюу боюнча эл аралык кампаниянын маалыматына ылайык, Кытайда 600, Францияда 290 жана Улуу Британияда 225 өзөктүк дүрмөт бар.
Польша, Түркия, Сауд Арабиясы жана башка өлкөлөрдүн лидерлери дүйнөдөгү туруксуздук жана трансатлантикалык альянстын алсырашы шартында өзөктүк куралды кармоо каражаты катары иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн ачык айтып жатышат.
Өзөктүк куралды жайылтуу маселеси Түштүк Кореяда, Японияда жана ал тургай Швецияда да талкууланууда.
Гросси өзөктүк курал жарышын өзүнүн «эң чоң коркунучу» деп атап, мындай деди: «Бир күнү бул системада жарака пайда болот. Анан биз домино эффектиси менен бетме-бет келебиз. Бул өтө туруксуз абал. Азыр андай эмес, бирок дүйнөдө туруктуулукту кааласак, өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча милдеттенмелерди бекемдөө жана жаңылоо зарыл».



















