2023-жылы дүйнө жүзү боюнча аскердик чыгымдар 6,8%га жетип, рекорддук $2,443 трлн болду же глобалдык ИДПнын 2,3%ын көрсөттү.
Бул сандарды Стокгольмдагы эл аралык тынчтык көйгөйлөрүн изилдеген эл аралык институтут (Stockholm International Peace Research Institute – SIPRI) эсептеп чыкты. Андагы маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч 2009-жылдан берки максималдуу өсүү болуп саналат жана коргонууга кеткен глобалдык чыгымдар аталган институт мурда белгилей элек эң жогорку деңгээлге жеткендигин РБК билдирди.
«2023-жылдагы аскердик чыгымдардын глобалдык өнүгүшүн эң оболу Украинадагы согуштун улануусу жана Азия, Океания жана Жакынкы Чыгыштагы геосаясый чыңалуунун эскалациясы менен түшүндүрсө болот»,- деп айтылат аталган институттун маалыматында.
Бул жагдайды алар баардык беш географиялык аймактарда – баарынан көбүрөөк Европа, Азия жана Океанияда, Жакынкы Чыгышта да белгилешкен.

АКШ жана Кытайга сан менен алганда бүткүл дүйнөлүк коргонуу чыгымынын глобалдык көрсөткүчүнүн дээрлик жарымы туура келет – 37% жана 12%. АКШнын армияга кеткен чыгымы Кытайга караганда үч эсе жогору; Вашингтон үчүн келечектүү чөйрө болуп – изилдөө, иштеп чыгуу, сыноо жана баалоо саналат, бул иштерге АКШ 2022-жылга караганда 9,4% көбүрөөк каражат жумшаган.
«Бул АКШнын албетте, душманга каршы күрөшүү боюнча операцияны жана ассиметриялык согушта душманга карата артыкчылыкка ээ болгон алдыңкы аскердик курал-жарактарды ойлоп табууга басым жасаган чечимине ылайык келет», – деп белгилешет эксперттер.
Пекиндин аскердик чыгымдары 2022-жылга салыштырмалуу 6%га жогорулаган. КЭРге Азия жана Океаниядагы баардык аскердик чыгымдардын жарымы туура келет. Эксперттер Кытай бул аймактын башка мамлекеттерин коргонууга көбүрөөк каражат жумшоого мажбурлагандыгын белгилешет. Себеби алар КЭРдин аскердик кубатынын өнүгүшүн өздөрүнүн аскердик тармагын чыңдоонун себеби катары кабыл алышат.
Пекин өзүнүн аскердик чыгымын акыркы 29 жылда тынымсыз жогорулатып келет, бирок кийинки он жылда бир аз басаңдай түштү. Аналитиктер бул жагдайды кытай экономикасынын өсүүсү төмөндөй түшкөндүгү менен байланыштырышууда.
Россиянын аскердик чыгымдары 2023-жылы 2022-жылга салыштырмалуу 24%га, ал эми 2014-жылга караганда 57%га жогорулаган. Эксперттер бул цифра эң оболу россиялык каржы системасынын ачык-айкын эместигинен деп эсептешет. Анткени мамлекеттик бюджеттен тышкары аскердик чөйрөгө каражаттар ишканалар, жеке адамдар жана мекемелер сыяктуу бюджеттик эмес жактардан да жумшалат. Албетте, бул каражат расмий бюджетке караганда бир топ аз экендигин SIPRI белгилеп, ошол эле учурда алардын аскер тармагына салымы азайтылып көрсөтүлгөндүгүн кошумчалаган.

Россиянын 2024-2026-жылдардагы мамлекеттик бюджетине шилтеме берүү менен SIPRI жакынкы жылдары өзүнүн аскердик чыгымдарын көбөйтүүнү улантат деп божомолдойт.
Алдыңкы он орундагы өлкөлөргө жалпы дүйнөлүк аскердик чыгымдын 74%ы же $1,799 трлн туура келет. НАТОго мүчө 31 өлкөнүн биргелешкен чыгымы (32-мүчө Швеция альянска 2024-жылы кошулган) $1,341 трлн же жалпы дүйнөлүк чыгымдын 55%ын түзөт; бул салымдын 68%ы АКШга туура келет.
15-орунду ээлеген Израиль ХАМАС менен согуш башталгандан кийин 2023-жылы коргонууга 2022-жылга караганда 24% көп жумшаган. Анын натыйжасында анын бул чөйрөдөгү чыгымы $27,5 млрд.ка жеткен. Сауд Аравиясынан кийин Израиль – Жакынкы Чыгыштагы экинчи аскердик чыгымдар боюнча ири мамлекет болуп саналат.



















