Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Чолпон-Ата форуму: жетишкендиктер жана кемчиликтер

  • Аналитика
  • 22.06.2026 16:51

Loading

2026-жылдын 18–20-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнөлүк интеллектуалдар форуму Кыргызстан үчүн акыркы жылдардагы эң маанилүү эл аралык коомдук-интеллектуалдык окуялардын бири болуп калды.

Форумдун эң башкы жетишкендиги – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген интеллектуалдык диалог салтын кайра жандандыруу аракети болду.

Өткөн кылымдын 80-жылдарында Ысык-Көл форуму Батыш менен Чыгыштын көрүнүктүү ойчулдарын бириктирген уникалдуу аянтча болгон. Бүгүнкү күндө дүйнө кайрадан геосаясий карама-каршылыктар күчөгөн доорду баштан кечирип жаткан шартта мындай диалогдун мааниси мурдагыдан да жогорулады. Бул жагынан алып караганда, Кыргызстан кайрадан цивилизациялардын, маданияттардын жана идеялардын жолугушуу борбору болуу далалатын көрсөттү.

Тема боюнча

Быйыл  Ысык-Көл  форумунун 40 жылдыгы белгиленет

Быйыл Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы белгиленет

02.02.2026

Форум өлкөбүздүн эл аралык беделин көтөрүүгө олуттуу салым кошту.

Азыркы дүйнөдө мамлекеттер экономикасы же аскердик кубаты менен гана эмес, идея жаратуу жана диалог уюштуруу жөндөмү менен да атаандашат. Форум Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө жаңы эле шайланган Кыргызстан глобалдык маселелерди талкуулоого жөндөмдүү интеллектуалдык аянтча боло аларын далилдеди. Мамлекетибиз үчүн бул өтө маанилүү дипломатиялык ресурс болуп эсептелет.

Форумдун жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынды. Арийне, мындай документтер милдеттүү юридикалык күчкө ээ эмес. Бирок алар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген интеллектуалдардын орток көз карашын чагылдырып турат жана мындан аркы эл аралык дискуссиялардын багыты катары кызмат кыла алат.

Тилекке каршы, кооз сөздөр менен жазылган өтө зарыл декларациялар менен иш жүзүндөгү саясий чечимдердин ортосунда чоң айырма бар. Бул көпчүлүк эл аралык интеллектуалдык форумдардын алдындагы эң чоң көйгөй. Чолпон-Ата Форумунда да маанилүү ойлор айтылганы менен ачык-айкын эл аралык долбоорлор, илимий программалар, идеяларды ишке ашыруунун так жол карталары же туруктуу иштей турган кызматташуу институттары сунушталган жок.

Катышуучулардын деңгээли жогору болгонуна карабастан, дүйнөдөгү таасирдүү форумдарга салыштырганда Чолпон-Ата форумунун эл аралык жана жергиликтүү маалымат айдыңдарында чагылдырылышы кыйла чектелүү болду. Бул келечекте коммуникациялык стратегияны күчөтүүнү талап кылат.

Дагы бир көзгө урунган жагдай: Форумда негизинен тажрыйбалуу окумуштуулар жана коомдук ишмерлер басымдуулук кылды. Келечекте мындай аянтчалардын жашоого жөндөмдүүлүгү жаш изилдөөчүлөрдүн, инновациялык ой жүгүрткөн адистердин жана жаңы муундагы лидерлердин катышуусуна түздөн-түз байланыштуу. Эгерде жаштар жетиштүү тартылбаса, форум акырындап улуу муундагы интеллектуалдардын гана жыйыны болуп калуу коркунучу бар.

Ошондой болсо да, Форумдун эң башкы мааниси – Чыңгыз Айтматов көтөргөн адамзаттын руханий жоопкерчилиги жөнүндөгү идеяларды кайрадан дүйнөлүк талкууга алып чыгышында. Ошондуктан жалпысынан форумду Кыргызстан үчүн ийгиликтүү өткөн интеллектуалдык жана маданий-дипломатиялык долбоор катары баалоого болот. Бирок, Форумдун чыныгы баасы бүгүн эмес, алдыдагы 5–10 жыл ичинде анын идеялары кандай натыйжа берерине жараша аныкталат.

Эгерде Чолпон-Атадагы жолугушуу бир жолку иш-чара эмес, жаңы Иссык-Көл процессинин башталышына айланса, анда бул форум келечекте Кыргызстанды дүйнөлүк интеллектуалдык диалогдун маанилүү борборлорунун бирине айландырууга мүмкүнчүлүк берет. Болбосо, ал жакшы уюштурулган, бирок тарыхта чоң из калтырбаган кезектеги эл аралык жыйындардын бири болуп калуу коркунучу бар.

Мелис Айдаркулов,

журналист, коомдук ишмер

(макала автордун ФБдагы барагынан алында жана редакциянын көз карашын билдирбейт)

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ысык-Көл форуму
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Постскриптум ордуна…

Постскриптум ордуна…

22.06.2026
Быйыл  Ысык-Көл  форумунун 40 жылдыгы белгиленет

Быйыл Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы белгиленет

02.02.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.