Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Быйыл Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгы белгиленет

  • Маданият
  • 02.02.2026 17:06

Loading

Үстүбүздөгү жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгы белгиленет.

Бул форум өз учурунда адамзаттын келечеги, прогресстин этикасы, маданияттын глобалдык саясаттагы орду жана интеллигенциянын дүйнө алдындагы тарыхый жоопкерчилиги сыяктуу маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн ачык жана айкын диалог аянтчасы болуп келген. Анын 40 жылдыгына байланыштуу бул мурас аянтчанын маңызын сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү, улуттук жана эл аралык деңгээлде актуалдуу глобалдык чакырыктарга жооп издөө багытында мазмундуу сүйлөшүүлөрдү активдештирүү максатында уюштурулат. Биз улуу жазуучу тарабынан уюштурулган форумдун 40 жылдыгын белгилөөнүн максаты тууралуу иш чаранын уюштуруучуларына кайрылдык

Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, профессор:

Тема боюнча

Постскриптум ордуна…

Постскриптум ордуна…

22.06.2026

“Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын өткөрүү жөнүндөгү чечим өтө актуалдуу”

– Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун өткөрүү жөнүндөгү чечими бүгүнкү күндө өтө актуалдуу болуп турат. Мындан 40 жыл мурунку дүйнөлүк абал менен бүгүнкү дүйнөлүк абал жалпы планетарлык масштабда алганда бирдей болуп турат. Бирок, анда куралдуу кагылыш мамлекеттерде болгон эмес, ал эми бүгүнкү күндө дүйнөнүн төрт бурчунда мамлекеттер бири-бири менен согушуп, учүнчү дүйнөлүк согуш ана-мына чыгып кетеби деп адамзат бушайман болуп турат.

Ушундай шартта тынчтыкты сүйлөгөн, каалаган Кыргызстан демилге кылып, адамзатты ойлоого чакырык салып турушу сыймыктандырбай койбойт. Бул идеяны ишке ашыруу мамлекетибиздин кадыр-баркын, абройун көтөрөт. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгесин дүйнөлүк коомчулук колдоп турат. Уюштуруу комитетинин төрагасы Мамлекеттик катчы, Кыргыз Эл жазуучусу Арслан Койчиевдин дароо идеяны ишке ашырууга өтө активдүү киришип, чет элдик жазуучулар, ЮНЕСКОнун жетекчилиги, коомдук ишмерлер менен жолугушуу өткөрүшү кубандырат.

Миң уккандан бир көргөн” дейт. Мен мындан 40 жыл мурда өткөн Ысык-Көл форумунун айрым бир учурларын эскергим келип турат. Анткени, дүйнө жүзүнүн ар кайсы бурчунан келген атактуу 14 коомдук, чыгармачыл ишмерлерди тосуу жана узатуу, сыйлоо учурларына катышып, колмо-кол учурашып калган жагдайларым болгон эле. Анда эмесе убакыттан пайдаланып, кимдер менен жолукканымды айтып өтөйүн. Питер Устинов (Улуу Британия, жазуучу жана актер), Элвин жана Хейди Тоффлер (АКШ, жубайлар, футуролог-окумуштуулар), Афеворк Текле (Эфиопия, сүрөтчү), Александр Кинг (Италия, Рим клубунун төрагасы, жазуучу), Клод Симон (Франция, Нобель сыйлыгынын лауреаты, жазуучу), Артур Миллер (АКШ, жазуучу), Лисандро Отеро (Куба, жазуучу), Федерико Майор (Испания, коомдук ишмер), Августо Форти (Италия, ЮНЕСКОнун өкүлү). Мына ушул атагы таш жарган атактуулар менен мен Ысык-Көл форумунун демилгечиси, төрагасы Чыңгыз Айтматовдун үйүндө жолуктук.

 

1 of 8
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

Ал эми Чыңгыз Төрөкуловичтин 70 жылдык мааракесин Федерико Майор Парижде, ЮНЕСКОдо өткөргөн. Анын жобосу боюнча атактуу адамдардын юбилейи 100 жашка чыкканда гана белгиленет экен. А Чыңгыз агай болгону 70 жашта. Федерико Майор ЮНЕСКОнун тарыхында бул жобону бузуп, Ч.Айтматовго урмат-сый көрсөткөн…

Мындан тышкары, анын 100 жылдыгына карата болгон даярдыктар боюнча дагы токтоло кетейин. Жазуучунун чыгармалары 180 тилге которулган деп жүргөнүбүз менен ашып кетсе 20, 30 тилди санашыбыз мүмкүн. Биз азырынча 120 тилге которулган чыгармалырынын катологун чыгарып, ошол эле мезгилде китептерди жыйнап дагы жатабыз. Алар англист, француз, немис, кытай, япон жана бишка тилдердеги китептерди чогултуп, көргөзмөгө коюу планыбыз бар. Менин эсебим боюнча, мындан 20 жыл мурда Францияда “Жамиля” повести 37 жолу басылган. Ал эми Кытайда нускасы миллиондоп чыгып жүрөт. Айтматовдун китептери котормо жагынан эле эмес, нускасы жагынан дагы биринчи орундарда турат.

Токон Мамытов, Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери, саясий жана мамлекеттик ишмер:

“Ысык-Көл форуму – бул Кыргызстанда калыптанган жана эл аралык мааниге ээ болгон гуманитардык жана цивилизациялык ой жүгүртүүнүн деңгээли”

– Ысык-Көл форуму жана анын мурасына арналган иш-чаралар 1986-1997-жылдар аралыгында Ысык-Көл форумунун үч жыйыны өткөрүлгөн.

Биринчи Ысык-Көл форуму Ч. Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы мурдагы Фрунзе шаары, азыркы Бишкекте, Чолпон-Атада эл аралык интеллектуалдык деңгээлинде жолугушуу өткөн.

Күн тартибинде гуманизм, философия жана глобалдык коркунчтар каралган. Ал эми экинчи Ысык-Көл форуму 1987-жылы Ысык-Көлдө форматы боюнча ачык жана жарым-жартылай жабык жолугушуу болгон.

Мазмуну жагынан глобалдык жоопкерчилик, тынчтыктын маданияты, эл аралык коопсуздуктун гуманитардык негиздери жөнүндөгү идеяларды өнүктүрүү. Жыйынтыгында Ысык-Көлдүн интеллектуалдык “жумшак дипломатиянын” символдук аянтчасы катары бекемделиши каралган. Үчүнчү Ысык-Көл форуму 1997-жылы контексти Ысык-Көлдө эгемендүү Кыргызстан, постбиполярдык дүйнө, ал эми форматы боюнча интеллектуалдардын, эксперттердин жана саясий ишмерлердин катышуусу менен өткөн эл аралык конференция болгон. Мында глобалдашуу, теңсиздик, иденттүүлүк жана XX кылымдын аягындагы цивилизациялык чакырыктарды кайрадан ой жүгүртүү болгон.

Бирок, 1997-жылдан кийин Ысык-Көл форуму Айтматов ойлоп тапкан классикалык форматта өткөрүлгөн эмес. Өткөрүлгөн иш-чаралар Ысык-Көл форумунун түз уландысы болуп эсептелбейт. Алар форумдун идеялык мурасын аңдап-түшүнүүгө жана актуалдаштырууга багытталган формалар катары каралат.

2004-жыл – Айтматовдук окуулар жана эл аралык илимий иш-чаралардын өткөрүлүү себептери: Чыңгыз Айтматовдун 75 жылдык мааракеси, илимий-практикалык конференциялар, тегерек үстөлдөр, Айтматовдук окуулар. Анын концепциясы: Айтматов – глобалдык масштабдагы гуманист жана философ.

Негизги идеялары:

– Маданияттар аралык диалог;
– Интеллигенциянын жоопкерчилиги;
– Адам жана адамзат XXI кылымда.

Ысык-Көл форуму кайра куруу доорунун кайталангыс көрүнүшү болуп, түз институционалдык аналогдору болгон эмес. Форум туруктуу эл аралык түзүмгө айланбаса да, маанилүү гуманитардык жана философиялык прецедентти жараткан. 1997-жылдан кийин форум символго, концепцияга жана гуманитардык нарративдин булагына айланып, илимий, маданий жана тышкы саясий риторикада колдонулуп келет.
Ысык-Көл форуму – бул Кыргызстанда калыптанган жана эл аралык мааниге ээ болгон гуманитардык жана цивилизациялык ой жүгүртүүнүн деңгээли.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев
Ысык-Көл эл аралык форумун уюштуруу иштери боюнча пикирин Кыргыз радиосуна төмөндөгүчө билдирген:

– Буюрса, Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын белгилегени турабыз. Учурунда улуттук аң-сезимди ойготкон, сыймыктануу сезимин ыроологон форум өткөн. Мына ошонун шарапаты азыркыга чейин уланып жатат.

Форумга катышкан кишилердин көбүнүн, алардын ичинен Айтматовдун өзү жок. Бирок биз ошол салтты улап, форумдун 40 жылдыгын белгилегени жатабыз. Белгилей кете турган нерсе, Ысык- Көл форумунун өзү ошол учурда ядролук согуш адамзатты тооруп турган учурга туш келип, аны кантип токтотуу керектиги курч маселеге айланып турган учурда болгон. Азыр да дүйнөдө абал оор. Азыр да бул форумду уюштуруу ушундай кыйын кезеңге туш болуп турат.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын август айында президент Садыр Жапаров, Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл эл аралык форумунун 40 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү тууралуу тескемеге кол койгон. Ага ылайык, форум быйыл июнь айында өтөт.

Ал эми бир жума мурун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Ч. Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун 40 жылдык мааракесине карата логотипти жана брендбукту иштеп чыгууга сынак жарыялады. Ведомствонун маалыматына ылайык, байге фонду – 50 миң сом.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Ч. АйтматовЫсык-Көл форуму
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Чолпон-Ата форуму: жетишкендиктер жана кемчиликтер

Чолпон-Ата форуму: жетишкендиктер жана кемчиликтер

22.06.2026
Постскриптум ордуна…

Постскриптум ордуна…

22.06.2026
Чыңгыз Айтматовдун элесин тебелебегиле — өзбекстандык ардагер журналист

Чыңгыз Айтматовдун элесин тебелебегиле — өзбекстандык ардагер журналист

03.02.2026
2028-жыл Кыргызстанда «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыяланды

2028-жыл Кыргызстанда «Чыңгыз Айтматов жылы» деп жарыяланды

20.01.2026
Баку шаарында Ч. Айтматовдун эстелиги ачылды

Баку шаарында Ч. Айтматовдун эстелиги ачылды

25.04.2024
Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалими» улуулуктун жана асылдыктын символу – проф. В. Алимасов

Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалими» улуулуктун жана асылдыктын символу – проф. В. Алимасов

12.12.2023
Н. Шакиев: “Адабият өнүгүп, элди ээрчиткен мыкты чыгармалар жазылмайын, бирдиктүү идеологияны калыптандырып, өлкөнү алдыга жылдыра албайбыз”

Н. Шакиев: “Адабият өнүгүп, элди ээрчиткен мыкты чыгармалар жазылмайын, бирдиктүү идеологияны калыптандырып, өлкөнү алдыга жылдыра албайбыз”

12.12.2023

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.