Түштүк Америкадагы Чили өлкөсүнүн Атакама аймагында 6,4 баллдык жер титирөө катталды.
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Атакама аймагындагы Диего-де-Альмагро шаарынан 52 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
Жер титирөө болжол менен 76,6 чакырым тереңдикте болгон.
Жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилген эмес. Алгачкы маалыматтарга ылайык, каза болгондор жана материалдык зыяндар тууралуу кабар түшө элек.
Чили — дүйнөдөгү сейсмикалык жактан эң активдүү өлкөлөрдүн бири. Ал Тынч океан боюндагы “Оттуу шакек” деп аталган сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан.

















