22-августта Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Эки өлкөнүн кызматташтыгы тууралуу эмне белгилүү жана Президенттер кандай макулдашууларга келе алышы мүмкүн — бул тууралуу Kazinform аналитикалык баяндамачысынын материалында.
Токаев жана Жапаров
33 жылдык мамиледе Казакстан менен Кыргызстан өнүгүүнүн дээрлик бардык тармактарында кызматташтыкты жолго коюшту. Мындан тышкары, эки өлкөнүн өнөктөштүгү жыл сайын сапаттуу күчөп келе жатат. Бул 150 документтен турган бекем келишимдик-укуктук база менен тастыкталат.
2024-жылдын апрель айында Астана менен Бишкек мамлекеттер аралык союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү тууралуу Келишимге кол коюшкан. Документ саясий, экономикалык, транспорттук, суу-энергетикалык жана айыл чарба тармактарындагы кызматташтыкты камтыйт. Ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн биргелешкен ишканаларды түзүү, руханий жана маданий жакындыкты бекемдөө сыяктуу багыттарды камтыйт.
Жогорку деңгээлдеги иш сапарлар
Эки өлкөнүн президенттери тыгыз кызматташтыкты кармап, маанилүү саясий жана эл аралык окуяларга активдүү катышып келишет. 2022-жылдын 26-майында Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен барып, анда өлкөлөр эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Ошол эле жылы 12–14-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барган.

2022-жылдын декабрында Президент Токаев Кыргызстанда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышты. 2023-жылы болсо ал кошуна республикага эки жолу иш сапары менен барган: июнда «Борбор Азия–ЕБ» экинчи жолугушуусунда жана октябрда КМШ мамлекет башчыларынын Кеңешинде.
2024-жылдын 18–19-апрелинде Садыр Жапаров Астана шаарында расмий визит менен болуп, анын алкагында Жогорку Мамалекеттер аралык кеңештин 6-жыйыны жана союздук мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө Келишимге кол коюлган. Ошол эле жылы президент Жапаров Казакстанга дагы беш жолу иш сапар менен келген.
2025-жылы да Кыргызстандын президенти Казакстанга бир нече жолу иш сапар менен келди: 30-майда «Борбор Азия–Италия» саммитине жана июнда «Борбор Азия–Кытай» саммитине катышкан.

Интеграциянын маңызы
Саясат таануучу Ассоль Мирманованын пикиринде, Казакстан менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү тарыхый жакындыкка, маданий туугандыкка жана экономикалык кызыкчылыктардын шайкештигине негизделген.
Анын айтымында, өлкөлөр ортосунда реалдуу интеграциянын тенденциясы байкалууда. Бул багыт мамлекеттик программалар аркылуу гана эмес, элдик деңгээлде да көрүнүп турат: көптөгөн эл аралык иш чаралар, туугандык байланыштар ишенимди бекемдеп, кызматташтыкты туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

Ошондой эле, транспорт-логистика (жаңы чек ара логистикалык комплекси, жолдорду реконструкциялоо, Алматы–Бишкек коридорун өнүктүрүү), энергетикалык жана агроөнөржай (Кабар-Атин ГЭС-1 курулушу, Чүй облусунда агрозонанын түзүлүшү) сыяктуу ири долбоорлор ишке ашып жатат.
Соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүү максаты
Астана Бишкектин эң ири соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2022-жылы Казакстан Кыргызстан үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинен экинчи орундагы соода өнөктөшү болгон.
2024-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 1,7 млрд долларды түздү. Максат – бул көрсөткүчтү 3 млрд долларга жеткирүү.

Казакстан негизинен металлпродукция, дан, мунай продукциясы жана курулуш материалдарын экспорттосо, Кыргызстан алтын, көмүр, темир рудасы жана жеңил өнөр жай продукциясын экспорттойт.

Бизнес жана форумдар
Казакстан Кыргызстан экономикасына 1,3 млрд доллардан ашуун инвестиция салган. 2024-жылы Астанада өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгында 300 млн долларлык келишимдер түзүлгөн. Ошол эле жылы Бишкекте дагы бизнес-форум өткөн.
2023-жылдын 23-сентябрында Таразда өткөн биринчи Региондор аралык кызматташтык форумунун алкагында 65 млн долларлык келишимдерге кол коюлган. Экинчи форум 2026-жылы Кыргызстанда өтөт деп күтүлүүдө.
Эмне талкууланат?

Эксперттердин баамында, Токаевдин Кыргызстанга боло турган сапарында соода жүгүртүүнү кеңейтүү, транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны жакшыртуу, агроөнөр жай жана маданий кызматташтык маселелери талкууланышы мүмкүн.
Кол коюлушу ыктымал болгон келишимдердин арасында чек ара логистикалык комплекси (ITLC), Камбар-Атин ГЭСинин курулушун улантуу, Чүй облусунда агрозонанын ачылышы, туризм жана билим берүү жаатындагы биргелешкен долбоорлор бар.
Мындан тышкары, эки өлкөнүн президенттери Казакстан менен Кыргызстандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин жыйынына катышат.




















