Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону 2024-жылы 27-октябрда өткөрүү чечимин чыгарды. Шайлоо өнөктүгү 26-июлда башталат.
27-октябрда, жекшембиде Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына жана облустук, шаардык жана райондук кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы жума күнкү отурумунда кабыл алды.
Бул дата Конституцияда да белгиленген. Шайлоо алдындагы үгүт 26-июлда, шайлоого үч ай калганда башталат, ал “Менин тандоом – менин гүлдөгөн Мекеним” урааны астында өтөт.
Шайлоодо Мыйзам чыгаруу палатасынын 150 депутаты, Каракалпакстан Жогорку Кеңешинин 65 депутаты, ошондой эле облустук, Ташкент жана 208 райондук (шаардык) кеңештердин депутаттары шайланат. Алсак, шайлоо процессине 30 миңге жакын талапкерлердин жана алардын 90 миңге жакын ишенимдүү адамдарынын активдүү катышуусу, ошондой эле шайлоо комиссияларынын 120 миңден ашуун мүчөлөрүнүн уюштуруучулары жана 70 миңден ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк (эл аралык ) байкоочулар катышат деп билдирди БШК.
Биринчи жолу шайлоо мажоритардык-пропорционалдык (аралаш) системанын негизинде өткөрүлөт. Бул системада шайлоо округдары бир мандаттуу жана бирдиктүү шайлоо округдарына бөлүнөт. Парламенттин төмөнкү палатасынын 75 депутаты бир мандаттуу округдардан мажоритардык система боюнча (талапкер үчүн добуш берүү), калган 75и пропорционалдык система боюнча, башкача айтканда саясий партияларга (партиялык тизмелер) берилген добуштардын негизинде шайланат.
Март айында Өзбекстандын президенти депутаттар менен жолугушууда саясий партиялардын ролун жогорулатуу үчүн аралаш шайлоо системасына өтүүнү сунуштаган. Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумдан кийин Шавкат Мирзиёев 8-майда мажоритардык-пропорционалдык шайлоо системасын киргизүү боюнча жарлыкка кол койду.
Ага чейин Өзбекстанда парламенттик шайлоо мажоритардык система боюнча өтүп, анда өз округунан көпчүлүк добушка ээ болгон талапкерлер шайланды деп эсептелчү.
Саясат таануучу Фарход Толипов буга чейин жаңы система кандай иштээрин айтып берген. Ал ошондой эле саясий стагнациянын шартында жаңы шайлоо системасына өтүү күтүлгөн жыйынтыкты бербей турганын белгиледи.



















