31-август – Кыргызстандын 34 жылдык эгемендүүлүк майрамына карата өлкөдө 115 социалдык жана инфратүзүмдүк объект пайдаланууга берилет.
Бул тууралуу КР Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен 63 мектеп, 19 бала бакча, 11 саламаттыкты сактоо мекемеси, 13 спорттук жай, 3 маданий мекеме, 6 башка тармактагы объект ишке кирет.
Бул иштерге республикалык бюджеттен 10 млрд сомдон ашык каражат жумшалган. Министрлик 2025-жылдын аягына чейин дагы 100дөн ашык социалдык жана инфратүзүмдүк объектини пайдаланууга берүүнү пландап жатканы белгилүү болду.




















