3-августа БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Түркмөнстанга БУУнун деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча үчүнчү конференциясына катышуу үчүн барды. Аны түркмөн элинин улуттук лидери, Элдик маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов өзү тосуп алды.
Буга чейин конференцияга катышуу үчүн эки миңден ашык коноктор катталган.
Бул тууралуу Тurkmenistan.ru басылмасы жазды.
“БУУнун башчысынын учагы Түркмөнбашы эл аралык аэропортуна конду, анда түркмөн элинин улуттук лидери, Элдик маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту”,- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясы Аваза туристтик аймагында 5-8-август аралыгында өтөт.
Конференцияга көптөгөн мамлекеттердин башчылары, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышууда.
Белгиленгендей, Антониу Гутерриштин бул конференцияга катышуусу анын эл аралык маанисин жогорулатат жана катышуучу мамлекеттердин ортосундагы ишенимдүү кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Конференция 10 жылда бир жолу өткөрүлөт.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш буга чейин Түркмөнбашыга келген.
Андан сырткары бир катар мамлекеттердин жетекчилери, анын ичинде Казакстан менен Өзбекстандын президенттери келери күтүлүүдө. Ал эми Кыргызстандан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышат.
Кошумчалай кетсек, БУУнун Экинчи конференциясы 2014-жылдын 3-5-ноябрында Вена шаарында өткөн. Чечим БУУнун Башкы Ассамблеясынын 68-сессиясынын делегаттары тарабынан кабыл алынган.



















