Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өткөн жумада Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу учурунда быйыл күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитинин күн тартиби талкууланды. Анда А. Гутерриш аталган жыйынга катыша тургандыгы белгилүү болду.
Кыргыстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, тараптар учурдагы эл аралык жана аймактык маселелерди карап чыгып, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтыкты андан ары чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун тынчтыкты илгерилетүүдөгү, туруктуу өнүгүүгө жетишүүдөгү жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү ролду ойногон алдыңкы универсалдуу эл аралык уюм катары маанисин баса белгиледи.
БУУнун Башкы катчысынын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Бишкекке боло турган сапарына өзгөчө көңүл бурулду. Антониу Гутерриш Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саммитке катышууга чакыруусун кабыл алды.
Эскерте кетсек, Кыргызстан быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги төрагалыгын өткөрүп жатат.
Өлкө мурда “Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына” арналган күмүш коллекциялык тыйынды чыгарган.
Ошондой эле, ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңешинин катчыларынын 21-кеңешмеси жана ШКУ өлкөлөрүнүн илим жана технология министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин 10-кеңешмеси Бишкекте өткөнү кабарланды.


















