Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу 10-мартта БУУнун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Гутерриш Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирине тынчсыздануусун билдирген.
Ал бардык тараптарды эл аралык укукту жана эл аралык гуманитардык укукту сактоого, ошондой эле жайкын тургундарга жана жарандык инфраструктурага сокку урбоого чакырган.
БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик 10-мартта дипломаттар жана дипломатиялык объекттер эч качан чабуулдардын бутаcы болбошу керек экенин билдирди. Анын айтымында, БУУ Иранда жана Жакынкы Чыгышта аскердик аракеттердин күчөшүнө жана тараптардын барган сайын согушчан риторикасына тынчсызданууда.
Ошол эле күнү Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Тегеранга каршы жаңы соккулар сериясы башталганын маалымдады. Маалыматка ылайык, учуп-конуу тилкелери жана абадан коргонуу системаларына сокку урулган.
Мындан тышкары, 10-мартта Россиянын Тышкы иштер министрлиги Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун кескин күчөшүн талкуулаганын билдирди.
Тараптар согуш аракеттерин тез арада токтотуунун жана жаңжалды күч колдонуу аркылуу чечүүдөн баш тартуунун маанилүүлүгүн белгилешти. Анткени бул кырдаал Иранга жана Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөргө чоң зыян алып келүүдө.


















