Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш Коопсуздук кеңешинин ачык жыйынында сөз сүйлөп, дүйнө жүзүндө эл аралык укуктун ачык бузулуп же таптакыр көңүл сыртында калып жатканына жана бул үчүн эч ким жоопкерчилик тартпай жатканына тынчсыздануусун билдирди. Ал Газадагы гуманитардык абал боюнча: “Ачарчылык ар бир эшикти каккылап жатат” деп айтты.
Пакистандын вице-премьер-министри жана тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар төрагалык кылган бул жыйын тынчтык жолу менен кагылышууларды жөнгө салуу жана көп тараптуу ыкманын ролу тууралуу болду.
Гутерриш БУУ 80 жыл мурун согуштун апаатынан адамзатты коргоо үчүн түзүлгөнүн эске салып, кагылышууларды тынчтык жолу менен жөнгө салуу геосаясий чыңалуу күчөп, мамлекеттердин бири-бирине болгон ишеними азайып жаткан учурда өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Ал БУУнун Уставы талаш-тартыштарды жөнгө салууда – ортомчулук, арбитраж, регионалдык уюмдар менен кызматташтык сыяктуу – эффективдүү механизмдерди караштырганын белгилеп, Коопсуздук кеңешинин бул багыттагы өзгөчө жоопкерчилигин эске салды.
“Эл аралык укук жазасыз бузулуп жатат”
Баш катчы Пакистандын сунуштаган резолюциясын колдоп, мамлекеттерди тынчтык ыкмаларын активдүү колдонууга чакырды. “Бүгүн биз мурдагыдан да көп учурда гуманитардык, адам укуктары жана качкындар укугуна тиешелүү эл аралык укуктар бузулуп же көңүл сыртында калып жатканын көрүп жатабыз”, — деди ал.
“Газада ачарчылык ар бир эшикти каккылап жатат”
“Газа секторундагы үрөй учурган абалга бир көз чаптырсак жетиштүү”, — деди Гутерриш. Анын айтымында, адам өлүмү жана кыйроо деңгээли мурда болуп көрбөгөндөй жогору.
“Тамак-аш жетишсиздиги жогорку чекке жетти. Ачарчылык ар бир эшикти каккылап жатат. Гуманитардык жардам системасы өз принциптерине ылайык иштей албай калды. Жардам жеткирүү үчүн коопсуз аймактар жок, коопсуздук кепилдиктери жок. Израилдин аскердик операциялары күчөп, Дейр эль-Балахтагы жаңы эвакуация буйруктары гуманитардык кризисти ого бетер курчутууда”, — деп кошумчалады ал.
Гутерриш БУУнун обьектилери – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кампалары жана UNOPS – соккуларга кабылганына терең тынчсыздануусун билдирип, алардын координаттары кагылышууга катышкан бардык тараптарга алдын ала маалымдалганын эске салды.
“Бул имараттар, башка жарандык объектилер сыяктуу эле, кол тийгис жана эл аралык гуманитардык укук боюнча корголушу керек”, — деп баса белгиледи ал.
“Дүйнө конфликттер менен курчалып калды”
Гутерриш Газадан Украинага, Сахелден Суданга, Гаитиден Мьянмага чейинки аймактарда согуштар, ачарчылык жана мажбурлап көчүрүү рекорддук деңгээлге жеткенин, терроризм менен чек арадан өтүүчү кылмыштуулук коопсуздукту солгундатууну улантып жатканын айтты.
Ал Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүн “тынчтыкты тандап, аны коргоого чакырып”, кеңеш дүйнөлүк коопсуздуктун негизги тиреги бойдон калышы керектигин, туруктуу мүчөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестиктер чечим кабыл алууга тоскоол болуп жатканын кошумчалады.
Позитивдүү мисал катары ал үч жыл мурун БУУнун ортомчулугу менен түзүлгөн Кара деңиздеги “Азык-түлүк демилгеси” жана Россия менен болгон макулдашууну келтирди. “Кандай оор шарт болбосун, макулдашууга жетишсе болот”, — деди ал.
“Коопсуздук кеңешин реформалоо керек”
Ошондой эле Гутерриш Коопсуздук кеңешин заманбап геосаясий реалдуулуктарга жооп бере турган кылып реформалоо зарылдыгын, анын иши ачык, натыйжалуу жана жоопкерчиликтүү болушу керектигин белгиледи.
Ал Кеңештин регионалдык уюмдар менен кызматташтыгын чыңдоо жана бардык мамлекеттердин БУУ Уставы менен эл аралык укуктук милдеттерин сактоосунун маанисин белгиледи.
“БУУнун 80 жылдыгын жана аны негиздеген Уставды белгилеп жатып, көп тараптуу кызматташтыкка жана тынчтык үчүн дипломатияга берилгендигибизди кайрадан тастыкташ керек”, — деп жыйынтыктады Гутерриш.


















