АКШнын Аба күчтөрү Ирандагы үч ядролук объектиге чабуул койгону тууралуу мурдараак АКШнын президенти Дональд Трамп билдирген.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандагы ядролук объектилерине жасаган аба соккуларына байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу БУУнун расмий сайтында жарыяланды.
Гутерриш бул чабуулдарды кооптуу эскалация жана эл аралык коопсуздук менен туруктуулукка коркунуч катары мүнөздөдү.
Баш катчынын айтымында, учурдагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып, жергиликтүү эл, аймак жана бүт дүйнө үчүн кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Ал БУУнун мүчө-мамлекеттерин Уюмдун Уставын жана эл аралык укуктун нормаларын сактоого чакырып, чыңалууну азайтуу зарыл экенин баса белгиледи.
«Бул маселеде аскерий чечим жок. Жалгыз жол — дипломатия. Жападан жалгыз үмүт — тынчтык», — деди Гутерриш.
Ошондой эле ал дүйнөнү “хаос спиралынан” сактоого чакырды.

















