22-сентябрда БУУдагы конференция маалында он өлкөнүн өкүлдөрү Палестина мамлекетин таануу тууралуу жарыя жасоону көздөп жатышат.
Бул тууралуу Елисей сарайы мамлекет башчысынын Нью-Йоркко – БУУнун Башкы ассамблеясына сапарынын алдында өткөн брифингде билдирди.
“Он өлкө Палестина мамлекетин таанууну баштоо ниетинде”, – деп Макрондун кеңешчисинин сөзүн Agence France-Presse агенттиги келтирди.
Анын айтымында, Франция менен бирге бул тизмеге Андорра, Австралия, Бельгия, Улуу Британия, Канада, Люксембург, Мальта, Португалия жана Сан-Марино кирет.
Ошондой эле Франция президентинин кеңсеси Израилдин Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги палестин аймактарын басып алуу аракеттерин айыптап, бул “так кызыл сызык” экенин белгиледи.
Эммануэль Макрон буга чейин 22-сентябрда БУУда Палестинаны таануу маселеси боюнча конференция өтөрүн айткан. Бул чечим Газадагы согуштук аракеттерге жана Израил бийлигинин башка кадамдарына карабастан ишке ашары белгиленген. 24-июлда Макрон Франция БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынында Палестина мамлекетин таануу ниетинде экенин билдирген. Ал эми 29-июлда Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин канцеляриясы Лондон Палестинаны БУУнун Башкы ассамблеясына чейин тааный турганып жарыяларын билдирнен.
Азыркы тапта Палестинаны БУУнун 148 мүчө мамлекеттери тааныган. 95 өлкөдө Палестинанын элчиликтери жана туруктуу өкүлчүлүктөрү бар.




















