16-июндан 9-июлга чейин өткөн БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 59‑сессиясында “Accelerating efforts to achieve women’s economic empowerment” («Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракеттерин жандандыруу») аттуу резолюция кабыл алынды.
Бул тууралуу universal-rights.org сайты жарыялады.
Документти сунуштагандардын катарында Доминикан Республикасы, Сьерра-Леоне, Молдова, Улуу Британиядан сырткары Кыргызстан да болгон.
Анда гендердик теңдик, аялдардын дискриминациясын жоюу, «бирдей эмгек үчүн бирдей акы төлөө» принцибин өркүндөтүү, аялдардын билим, финансылык кызматтарга жана чечим кабыл алууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу сунушталган. Ошондой эле, алардын ишкердигин өнүктүрүүгө шарт түзүү да белгиленген.
Демилгечилердин бири болгон Кыргызстан бул резолюция БУУнун Кеңеши тарабынан эки жыл сайын каралып туруучу документ катары бекитилди.
Өткөн жылы да БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Кыргызстан демилгелеген резолюцияны бир добуштан кабыл алган.
Андагы резолюциянын максаты чакан же Женевада өкүлчүлүгү жок мамлекеттердеги адам укуктарына байланышкан маселелерди жакшыртууну көздөгөн. Ошондой эле Бишкектин эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамиле түзүүсүнө, өнүгүп келе жаткан, чакан, арал өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.



















