Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Британия Украинага аскерлерин жөнөтүүгө даяр

  • Европа, Саясат
  • 04.03.2025 11:04

Loading

Улуу Британия Украинанын аймагына куралдуу контингентин жиберүүгө даяр. Бул тууралуу Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Британия, керек болсо, башкалар менен бирге (Украинанын – ред.) асманына кургактагы аскерлерин жана учактарын жөнөтүүдө алдыңкы ролду ойнойт”, – деп баса белгиледи британ премьери.

Стармер Украинага аскер жиберүүгө даяр экенин дүйшөмбү күнү, 3-мартта парламентте сүйлөгөн сөзүндө Европа лидерлеринин Украинага аскердик жардам көрсөтүү боюнча жолугушуусунан кийин билдирди. Анын айтымында, Лондон Киевди колдоодо алдыңкы позицияны ээлеши керек.

Тема боюнча

Улуу Британиянын мамлекеттик карызы 4 триллион доллардан ашты

Улуу Британиянын мамлекеттик карызы 4 триллион доллардан ашты

21.10.2026

Ошол эле учурда саясатчы мындай миссиялардын ийгиликтүү өтүшү үчүн АКШнын күчтүү колдоосу зарыл экенин баса белгиледи. Анын пикиринде, Европа өлкөлөрү Вашингтондун колдоосусуз Киевге ишенимдүү коопсуздук кепилдиктерин бере албайт.

Бирок Стармер Европа тынчтык орногондон кийин Украинаны куралдандырууну улантат деп убада кылды.

Буга чейин The Times гезити британ бийликтери Украинанын президенти Владимир Зеленскийди АКШ менен мамилени калыбына келтирүү үчүн колдон келгендин баарын кылууга чакырып жатканын жазган. Бирок 2-мартта Евробиримдиктин лидерлеринин чукул саммитине катышуу үчүн Лондонго барганда Зеленский Трамптан кечирим сурабай турганын айткан.

28-февралда Трамп менен Зеленскийдин Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдө ортодо талаш-тартыш жаралып,  Трамп Зеленскийди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр эмес деп айыптаган. Мындан кийин Зеленский Вашингтондон эрте кетип, ресурстук келишимге кол койгон эмес.

Европа лидерлеринин 2-марттагы Лондондо өткөн Украина боюнча саммити АКШ-Украина сүйлөшүүлөрү кайым айтыштан улам аягына чыкпай калганга чейин эле пландалган. Ага Евробиримдиктин жана НАТОго мүчө ондон ашык өлкөнүн лидерлери, ошондой эле НАТОнун баш катчысы жана Евробиримдиктин жетекчилиги катышты. Саммиттин катышуучулары Киевге аскерий колдоо көрсөтүүнү жана Орусияга экономикалык кысым көрсөтүүнү улантууну макулдашты. Евробиримдик өлкөлөрү да Украинанын ар кандай тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун талап кылууда.

Эске салсак, буга чейин Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо өлкөсү Киевге керектүү аскердик колдоо көрсөтүүнү улантарын жана канадалык аскерлерди Украинага тынчтык орнотуучу катары жөнөтүү маселеси каралып жатканын билдирген.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бейпилдик күчтөрүн киргизүү конкреттүү жаңжалдын тараптарынын макулдугу менен гана мүмкүн экенин белгилеген. Анын айтымында, алар тууралуу коңшу өлкөдө айтуу эртелик кылат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: аскержөнөтүүКир СтармерУкраинаУлуу Британия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

Европага «кара күн» жакындап келүүдө: Италиянын дүкөндөрүндө текчелер бошоп, Улуу Британияда азык-түлүк камдоого чакырык жасалды

29.10.2026
Улуу Британиянын мамлекеттик карызы 4 триллион доллардан ашты

Улуу Британиянын мамлекеттик карызы 4 триллион доллардан ашты

21.10.2026
NYT: АКШда орус газын Европага жеткирүүнү кайра жандандыруу сунушталды

NYT: АКШда орус газын Европага жеткирүүнү кайра жандандыруу сунушталды

19.10.2026
Трамп Зеленскийди Starlink аркылуу жазалап жатабы?

Трамп Зеленскийди Starlink аркылуу жазалап жатабы?

14.10.2026
Трамптын командасы Украинага өзүнүн  шартын койду

Трамптын командасы Украинага өзүнүн  шартын койду

14.10.2026
Эр-Рияд менен Киевдин орток көйгөйү: АКШ союздаштарын коргоого даярбы?

Эр-Рияд менен Киевдин орток көйгөйү: АКШ союздаштарын коргоого даярбы?

12.10.2026
Түштүк Корея Украинадан Түндүк Кореянын туткундалган аскерлери тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн кечирим суроону талап кылды

Түштүк Корея Украинадан Түндүк Кореянын туткундалган аскерлери тууралуу маалыматты ачыкка чыгарганы үчүн кечирим суроону талап кылды

02.10.2026
Улуу Британия Израилдин армиясына курал-жарак экспорттоого 80 лицензияны бөгөттөдү

Улуу Британия Израилдин армиясына курал-жарак экспорттоого 80 лицензияны бөгөттөдү

30.09.2026
Британияда дизелдик күйүүчү майдын баасы тарыхый рекордго жетти

Британияда дизелдик күйүүчү майдын баасы тарыхый рекордго жетти

29.09.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
212 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.