Улуу Британиянын өкмөтү россиялык миллиардер Роман Абрамовичке каршы сотко кайрылууну караштырып жатат. Максат – «Челсини» футбол клубун сатуудан түшкөн 2,34 миллиард фунт стерлингди Украинага гуманитардык жардам катары багыттоо.
Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, бул каражаттарды Улуу Британиянын өкмөтү Украинага колдоо көрсөтүү үчүн пайдаланууну каалайт.
Абрамович Европа Биримдиги менен Улуу Британиянын санкциясына кабылган соң, 2022-жылдын май айында “Челсини” америкалык бизнесмен Тодд Бёлинин консорциумуна саткан. Бирок сатуудан түшкөн каражаттар Улуу Британиядагы банктын атайын эсебинде тоңдурулуп турат жана Финансылык санкциялар боюнча башкармалыктын лицензиясы жок чыгарылбайт.
Абрамович клубду сатуу боюнча жарыя жасаганда, ал каражаттарды Украинанын куралдуу кагылышуусунан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүчү кайрымдуулук фондун түзүүгө жумшоону сунуштаган. Британия өкмөтү бул фондду түзүү боюнча юридикалык жана административдик чыгымдар үчүн 200 миң фунт бөлгөн.
Бирок азыркыга чейин каражаттарды толугу менен өткөрүп берүү боюнча макулдашууга жетишилген эмес. 2025-жылдын 2-июнунда Британия өкмөтүнүн өкүлдөрү өкмөт Абрамовичке каршы соттук процессти караштырып жатканын билдиришти.
«Орусиянын Украинага басып кирүүсүнөн кийин, биз «Челсини» сатуу жолу менен алынган каражаттарды Украинанын гуманитардык муктаждыктарына багыттоону көздөйбүз. Абрамович менен бул боюнча макулдашууга жетише албаганыбызга өкүнөбүз. Жабыр тарткандар мүмкүн болушунча тез жардам алышы үчүн биз сотко кайрылууга даярбыз», — деп билдиришти казына канцлери Рэйчел Ривз жана тышкы иштер министри Дэвид Лэмми.


















