Израилдин “Хезболла” кыймылына каршы аскердик операциясы башталгандан бери Ливандын 20%га жакын жашоочусу үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.
Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль билдирди.
“Ливандагы кырдаал күндөн-күнгө начарлап баратат. Израиль Ливанды бомбалап жатат, «көк линияда» атышуулар болуп жатат, аскерлер Ливандын аймагына кирип жатышат. Колдо болгон маалыматтарга караганда, Ливандын калкынын 20%га жакыны көчүп кетүүгө аргасыз болгон”, – деди ал Европарламенттин пленардык жыйынында сүйлөп жатып.
Анын айтымында, 150 миңге жакын ливандык Сирияга кеткен.
Боррелль шаар четиндеги жана инфраструктуралык объектилер гана эмес, шаарлардын борбордук аймактары да бомбаланып жатканын белгиледи.
“Израиль ар бир кол салуудан кийин өзүнүн коопсуздугу жогоруладыбы же стратегиялык ийгиликсиздикке учурадыбы деп өзүнө суроо бериши керек. Израилдеги көбүнчөлөр бул аракеттер Израилди коопсуз кылбаганын, тескерисинче, түндүк чек араларды туруксуздаштырганын жана Хезболланын күчтөнүшүнө алып келди деп эсептешет”, – деди Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү.
Ал аймактагы кагылышуулардын аскерий чечими жок экенин белгилеп, жаңжалдарды токтотуу жана сионисттик режим менен Ливандын Хезболласы ортосунда тез арада ок атышпоо келишимин орнотуу зарылдыгын баса белгиледи.
23-сентябрда Израиль Ливандагы “Хезболла” күчтөрүнө каршы “Түндүктүн жебелери” аскердик операциясын баштап, анын жүрүшүндө кыймылдын аскердик буталарына массалык сокку урууда. Андан бери миңден ашык адам каза болуп, 90 миңден ашууну качкынга айланды. 27-сентябрдагы Израилдин соккуларынын биринин натыйжасында Бейрутта “Хезболланын” баш катчысы Хасан Насрулла өлтүрүлгөн. 1-октябрга караган түнү Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү чек ара аймактарында кургактан операция жүргүзө баштаган.


















