Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитти өз ара кызматташтыкты, аймактагы бир катар актуалдуу маселелерди ортого салды. Борбор Азия лидерлери саммитте баяндама жасап, кызматташтыкты мындан ары арттыруунун күнгөй-тескейин талкуулашты.
Ал эми президент Садыр Жапаров АКШ-Борбор Азия форматында кызматташуу Бишкектин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
19-сентябрда Жапаров Нью-Йорктогу С5+1 саммитинде сүйлөгөндө бул формат өз ара түшүнүүнү жана ишенимди бекемдөөгө, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталышы зарылдыгын белгиледи.
Мындай С5+1 форматындагы биринчи жолугушуу 2015-жылы тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Самаркандда өткөн. Андан соң АКШнын мамлекеттик катчысы Д. Керри “өз ара аракеттенүү жана кызматташуу” тууралуу куру риторика менен чектелип, аймак үчүн конкреттүү аракеттерди же ири долбоорлорду сунуштаган эмес. Ал эми бул жолкусунда АКШ конкреттүү сунуштарды айтып жатат. Айрым эксперттер бул саммиттин түпкүрүндө Борбор Азия менен АКШнын кызматташтыгын өнүктүрүү жана Россия менен алакага андайдыр бир деңгээлде таасир этүү экендигин болжошууда.
Чындыгында Кыргызстан көз карандысыз, эч бир мамлекеттин саясатын карманбаган, бейтарап мамлекет. Бийлик тышкы саястатты өнүктүрүүдө баардык өлкөлөр менен соода-экономикалык жактан кызматташууга даяр экенин айтып келет.
Буга чейин Батыш Кыргызстадык бир катар компанияларга санкция салганы да белгилүү болгон. Анда Кыргызстанды Россияга санкцияланган товарларды экспорттоону токтотууга мажбурлоо үчүн экономикалык чараларды колдонуу боюнча маалымат айтылган.
Бирок, АКШ менен Евробиримдиктин Кыргызстандагы соода жана инвестициядагы үлүшү ушунчалык аз болгондуктан, кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү ага таасир эте албайт. Россия өлкөнүн жана бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндө азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу менен Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда.
2023-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 3 миллиард 885,5 миллион долларды түздү. Бул аралыкта республикадан 616,4 миллион долларлык товар жана продукция экспорттолгон.
Жогорудагы статистикага таяна турган болсок, Борбор Азия өлклөрү менен Россиянын ортосундагы байланыш, экономикалык алака тыгыз экени көрүнүп турат. Албетте, Кыргызстан тышкы саясаттагы багытын бекемдеп, дүйнөнүн бир катар өнүккөн өлкөлөрү менен кызматташууга ачыктыгын билдирип келет.
Нью-Йоркто “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммит дагы өлкөбүзгө инвестиция агымын буруп, каржылык, экономомикалык жактан ири пайда алып келет деген ишеничтебиз.
Булак: “Жылдыздуу саясат”.